13.10.2026
Түркиянын Саламаттык сактоо министринин орун басары, профессор, доктор Нуруллах Окумуш башында турган Түркиянын делегациясы Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында эки өлкөнүн саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча бир катар жолугушууларды өткөрдү.
10–12-октябрь күндөрү болгон сапардын алкагында делегация «Күчтүү мамлекеттин жаңы доорунун кайра жаралуу мезгилинде калктын саламаттыгы, билим берүү жана спорт» аттуу эл аралык конференцияга катышты.
Сапардын жүрүшүндө түрк компаниялары тарабынан курулган Эл аралык онкология борборунун, Стоматологиялык оорукананын жана Эл аралык балдар ооруканасынын расмий ачылыш аземдери Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун катышуусунда өткөрүлдү.
Түрк делегациясын президент Бердымухамедов да кабыл алды.
Жолугушууда Түркия менен Түркмөнстандын саламаттык сактоо тармагындагы мамилелери жана кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Бердымухамедов эки өлкөнүн ортосундагы тыгыз кызматташтыкка канааттануусун билдирди.
Сапардын алкагында түрк делегациясы, Түркмөнстандын Саламаттык сактоо жана дары-дармек өнөр жайы министри Мыратверди Гайыпов менен да жолугушту. Эки өлкөнүн саламаттык сактоо тармагындагы делегацияларынын сүйлөшүүлөрүндө жаңы ачылган медициналык мекемелердин ишин уюштурууга байланышкан муктаждыктар, Түркиянын саламаттык сактоо жаатындагы билими менен тажрыйбасын бөлүшүү жана техникалык колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Түркмөнстандан техникалык делегацияны Түркияга чакырып, Саламаттык сактоо министрлигинин ишмердүүлүгү жана өлкөнүн саламаттык сактоо инфраструктурасы менен жеринде тааныштыруу боюнча макулдашылды. Мындан тышкары, Түркмөнстандын министрлигинин өкүлдөрүнүн Түркияда өткөрүлө турган эл аралык жыйындарга жана иш-чараларга катышуусунун маанилүүлүгү белгиленип, аларга расмий чакыруу жөнөтүлдү.


