17.10.2026

Түркия 2028-жылга чейин өлкөнүн улуттук мунай-газ компаниясы TPAO мунай өндүрүү көлөмүн суткасына 550 миң баррелге жеткирүүнү, ал эми келечекте бул көрсөткүчтү 1 млн баррелге чейин көбөйтүүнү пландап жатат.

Vesti.az түрк басылмаларына шилтеме берүү менен билдиргендей, бул тууралуу Түркиянын Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар Кара деңиздеги кенге жөнөтүлүп жаткан Түркиянын Osman Gazi аттуу алгачкы калкып жүрүүчү өндүрүш платформасын узатуу аземинде билдирди.

Министрдин айтымында, жаңы кендердин ачылышынын натыйжасында акыркы беш жылда TPAO компаниясы мунай өндүрүү көлөмүн эки эсеге көбөйтүп, суткасына болжол менен 300 миң баррелге жеткирди.

Алпарслан Байрактар: “2028-жылы бул көрсөткүчтү 550 миң баррелге жеткиребиз жана буюрса, суткасына 1 млн баррелдик максатка жетебиз”, — деп белгилеп өттү.

Ал Түркия өз аймагында гана эмес, чет өлкөлөрдө да геологиялык чалгындоо иштерин улантып жатканын баса белгиледи. Атап айтканда, бул иштер Азербайжанда, Сомалиде, Иракта, Пакистанда, Венгрияда, Болгарияда, Оманда жана Ливияда жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, Түркия Кара деңизиндеги Сакарья кенинде жаратылыш газынын чалгындалган запастарын көбөйтүүнү, ошондой эле Кара деңиздин башка аймактарында жана өлкөнүн түштүк-чыгышында бургулоо иштерин улантууну көздөйт.

Байрактар Түркиянын карамагында терең сууларда бургулоо иштерин жүргүзүүчү алты кеме, сейсмикалык чалгындоо жүргүзүүчү эки кеме жана көмөкчү флот бар экенин маалымдады. Анын айтымында, Түркия энергетикалык флотунун көлөмү боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда турат. Министр Түркия энергетикалык ресурстарды чалгындоо жана өндүрүү тармагында аймактык лидерге жана дүйнөдөгү алдыңкы оюнчулардын бирине айланууну көздөп жатканын баса белгиледи.

https://vesti.az/ekonomika/turciya-namerena-uvelicit-dobycu-nefti-do-1-mln-barrelei-v-sutki-621404