07.01.23
Түркмөнстан жана Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүү өткөн жылдын январь айынан ноябрь айына чейин 1 миллиард 860 миллион доллардан ашты. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 9,7% пайызга көпттүк кылат.
Бул тууралуу Түркиянын статистикалык мекемесинин (TurkStat) статистикалык маалыматында айтылат.
Ноябрь айында эле эки өлкөнүн өз ара соода жүгүртүүсү 235 миллион долларды түздү.
Өткөн 2022-жылдын 11 айында, Түркмөнстан Түркияга 865 миллион 120 миң доллардан ашык продукция экспорттогон. Ошол эле мезгилде, Түркмөнстан 1 миллиард доллардан ашык каражатка Түркиядан товар импорттогон.
Ушул эле мезгил ичинде, Түркиянын Борбор Азия өлкөлөрү менен болгон соодасы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30% пайызга өстү. Түркия менен Борбор Азиядагы беш өлкөнүн ортосундагы сооданын жалпы көлөмү 11,2 миллиард долларын түздү.