08.05.24
Азербайжан жана Түркия эркин соода жүгүртүүнү камсыздоо боюнча тиешелүү иштерди алып барышууда. Бул тууралуу, Түркиянын Вице-президенти Жевдет Йылмаз Анкарада өтүп жаткан “Түркия-Азербайжан” бизнес форумунда билдирди.
Ал белгилегендей, өлкөлөр ортосундагы жеңилдетилген соода жүгүртүүдөн тышкары, эркин соода жүгүртүүгө байланышкан маселелер дагы талкууланды.
Жевдет Йылмаз белгилегендей, учурда Түркияда 3 миңге жакын азербайжандык компания иштейт.
Түрк чиновниги кошумчалагандай, бүгүнкү күнгө чейин түркиялык компаниялары, Азербайжанда жалпы суммасы 19,3 миллиард долларга бааланган 526 долбоорду ишке ашырууга милдеттенме алышкан.
Эскерте кетсек, Азербайжан менен Түркиянын ортосунда кол коюлган жеңилдетилген соода келишими, эки өлкөнүн аймагында иш алып барган ишкердик субъекттерине бир катар жеңилдиктерди берет.