17.05.24
Түркия 2035-жылга чейин кайра жаралуучу жашыл энергия булактарынын (ВИЭ) алынган энергиянын кубаттуулугун 60 миң мегаваттка (МВт) көбөйтүүнү пландоодо.
Бул тууралуу, Түркиянын Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар “X” социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
Алпарслан Байрактар: “Апрель айында биз күн жана шамал энергиясын өндүрүүдө жаңы рекорддорду жаңырттык, Түркия 2035-жылга карата кайра жаралуучу жашыл энергиянын кубаттуулугун 60 миң мегаваттка (МВт) көбөйтүүнү көздөп жатабыз”, - деп жазды.
Министр апрель айында күндөн электр энергиясын өндүрүү 2,4 миллиард киловатт-саатка жетип, бардык убактагы айлык рекордду жаңыртканын белгилеп келип: “Өткөн айда күн энергиясынын жалпы электр энергиясын өндүрүүдөгү үлүшү 10% пайызга жетип 3,2 миллиард киловатт-саатты түздү”- деп билдирди.
Министрдин айтымында, энергиянын кайра жаралуучу булактарынын негизинде, электр энергиясын өндүрүүнүн жалпы көлөмү болуп көрбөгөндөй эң жогорку деңгээлге 15,5 миллиард киловатт-саатка (КВт) жеткен.