12.11.24
Анкара Түркмөнстан газын Азербайжан аймагы аркылуу, Түркияга экспорттоо мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Газдын жеткирүү көлөмү жылына 2 миллиард куб метрге жетиши мүмкүн.
Бул тууралуу, Түркиянын Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар “Report” агенттигине берген маегинде билдирди.
Алпарслан Байрактар: “Азербайжанга жеткен түркмөн газы Азербайжан аймагы аркылуу Түркияга жетиши мүмкүн", - деп белгилеп өттү.
Ошондой эле ал газ жеткирүү, Азербайжан газы Грузия аркылуу Түркияга жеткирилген инфраструктуранын жардамы менен ишке ашырылышы мүмкүн экенин белгиледи. Ошондой эле министр: “Мындай транзиттин көлөмү өтө чоң болбошу мүмкүн. Бирок эң негизгиси, аны Азербайжан аркылуу ишке ашыруунун техникалык мүмкүнчүлүгү бар. Түркмөн газы Иран аркылуу алмашуу жолу менен Азербайжанга келет жана ушул эле жол менен Түркияга да жетиши мүмкүн”, - деп кошумчалады.