Дүйнөдө күчтөнүп келе жаткан “Түрк мамлекеттери уюму” (ТМУ) күндөн-күнгө күчүн жана биримдигин арттырууда. Түрк дүйнөсү жалпы тарых, жалпы география, жалпы адабият, жалпы географиялык карта жана жалпы алфавит боюнча маанилүү кадамдарды таштоодо. Түрк дүйнөсүнүн биримдигин бекемдөө багытында дагы бир жаңы кадам жасалды.
6-ноябрда Бишкекте өткөн “Түрк мамлекеттери уюмунун” (ТМУ) 11-саммитинде, Түрк дүйнөсүнүн жобосу кабыл алынды. Бул жобо түрк мамлекеттеринин ортосундагы кызматташууну бекемдөөгө багытталган маанилүү документ болуп саналат. Документ аталган уюмдун алкагында мурда кабыл алынган чечимдерге жана документтерге (Нахчыван келишими жана Түрк дүйнөсүнүн 2040-жылга карата көз карашы) негизделип иштелип чыккан.
Жобо кабыл алынгандан кийин, түрк дүйнөсүндө бир катар маанилүү өзгөрүүлөр болору күтүлүүдө. Документтин кириш сөзүндө түрк мамлекеттеринин ортосундагы кызматташууну бекемдөө, тил, ой жүгүртүү жана иш-аракеттеринде биримдикти илгерилетүү идеясы камтылган.
Түрк мамлекеттеринин лидерлери бул документке кол коюп, бир туугандык байланыштарды бекемдөөнү, тилектештик рухун сактоону жана жалпы түрк дүйнөсүнүн идеясын колдоону билдиришти. Документте мамлекеттердин ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү жана тынчтыкты бекемдөө боюнча жаңы принциптер эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптерине шайкеш аныкталган. Ошондой эле бул принциптер түрк кызматташтыгынын үлгүсү катары дүйнөгө сунуштай алат.
Жаңы жобо түрк элдеринин ортосундагы кызматташуу үчүн жалпы маданий мурастарды, жалпы алфавитти жана жалпы түрк тилин келечектеги кызматташтыктын негизги бурулуш учурлары катары тааныйт.
Түрк мамлекеттери уюму (ТМУ) бул жобонун ишке ашырылышында маанилүү ролду ойнойт. Уюм түрк мамлекеттеринин жалпы кызыкчылыктарына ылайык кызматташууну күчөтүп, түрк дүйнөсүнүн үнү катары аймактык жана глобалдык деңгээлде иш алып барат.
Бардык түрк кызматташтык уюмдары жободо көрсөтүлгөн максаттарды жана тапшырмаларды ишке ашырууда активдүү роль ойношот жана өз иштерин Координациялык комитет аркылуу жүргүзүшөт.