12.12.24
Президенттин басма сөз кызматы тарабынан жасалган билдирүүдө, Президент Эрдогандын Венгриянын Премьер-министри Орбанды кабыл алуусуна байланыштуу маалымат берилди.
Билдирүүдө белгиленгендей, жолугушууда Түркия менен Венгриянын эки тараптуу мамилелери, регионалдык жана глобалдык маселелер талкууланды.
Президент Эрдоган жолугушууда, Түркия менен Венгриянын 100 жылдык тарыхы бар, мыкты деңгээлдеги мамилелерин бекемдөө ниетин билдирип, эки өлкө ортосундагы соода көлөмүн 6 миллиард долларга жеткирүү боюнча аракеттерди күчөтүү зарылдыгын айтты.
Президент Эрдоган Венгриянын Премьер-министри Орбанды жана анын делегациясын 2024-жылы “Түркия-Венгрия” Маданият жылынын жабылыш аземине байланыштуу, Түркияда тосуп алуудан кубанычта экенин билдирип, энергетика баш болгон көптөгөн тармактарда кызматташтыкты күчөтүүнү каалаганын белгиледи.
Президент Эрдоган Сирияда болуп жаткан акыркы окуялар Түркиянын гуманитардык жана адептик тышкы саясатынын тууралыгын айгинелегенин, терроризмге каршы күрөшүү, Сирияны кайра куруу жана учурдагы институттарды реформалоо боюнча, Европа Биримдигине мүчө мамлекеттер менен кызматташтык керек экенин баса белгиледи.