03.02.25

Стамбул шаарында, Кыргызстандын Экономика министрлигинин Түркиядагы соода өкүлү Чыңгыз Токтобеков, “Кыргызстандын аэропорттору” ачык акционердик коомунун (ААК) жетекчилиги жана “Түрк аба жолдору” компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Ахмет Болат менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу, Кыргызстандын Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы аба каттамдарын кеңейтүүнүн келечегин, эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоону, ошондой эле Кыргызстандын аэропортунун инфраструктурасын модернизациялоо пландарын талкуулашты. Жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жогорулатуу, туризм жана бизнес тармагында биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу маселелерине да көңүл бурулду.

“Кыргызстандын Аэропорттору” ачык акционердик коомунун (ААК)  жетекчилиги түркиялык алдыңкы авиакомпаниялар менен өнөктөштүктү тереңдетүүгө кызыкдар экендигин билдирди. Мындай кызматташтык Кыргызстандын авиация тармагына жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, өлкөнүн эл аралык транспорттук жеткиликтүүлүгүн жакшыртат деп күтүлүүдө.

https://economist.kg/transport/2025/02/03/kyrghyzstan-i-turtsiia-obsudili-razvitiie-aviasoobshchieniia-i-modiernizatsiiu-aeroportov/