03.02.25
Түркиянын металлургиялык компаниясы “Tosyalı Holding” өз керектөөлөрү үчүн 1,2 ГВт кубаттуулуктагы күн электр станцияларын курууга 1 миллиард долларга жакын каражат бөлүүнү пландаштырууда.
Бул кадам болот өндүрүшүндө кайра жаралуучу энергия булактарынын үлүшүн көбөйтүүгө багытталган. “Balkan Green Energy News” басылмасынын маалыматына ылайык, компания Түркиянын түштүгүндөгү Османие провинциясында 120 (МВт) кубаттуулуктагы күн станциясын куруу боюнча келишимдерге кол койгон.
Учурда “Tosyalı” өз ишканаларында 235 (МВт) күн энергиясын өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Компаниянын директорлор кеңешинин төрагасы Фуат Тосялы Давосто өткөн Дүйнөлүк экономикалык форумда (ДЭФ) бул долбоорду дүйнөдөгү эң ири өзүн-өзү камсыздоо максатындагы күн энергетикасы долбоорлорунун бири деп атады.
План боюнча, быйыл 120 (МВт) кубаттуулуктагы алгачкы станция ишке киргизилет, ал эми толук 1,2 ГВт кубаттуулук 2027-жылга чейин жетишилет. Долбоордо Tosyalı V-Solar бренди менен чыгарылган 725 (Вт) кубаттуулуктагы N-Type Topcon күн панелдери колдонулат.
Биринчи этаптын өнөктөштөрү болуп америкалык “GE Vernova” жана инженердик, сатып алуу жана курулуш (EPC) тармагында иш алып барган түрк компаниясы Inogen эсептелет.
“Tosyalı Holding” электр керектөөнүн 50% пайызын күн энергетикасы аркылуу жабууну көздөөдө. Фуат Тосялынын айтымында, компаниянын болот өндүрүшүндөгү CO₂ бөлүп чыгаруу көлөмү тоннасына 600 кг түзөт, ал эми дүйнөдөгү көпчүлүк өндүрүүчүлөрдө бул көрсөткүч 2,5 тоннага жетет.
Ал ошондой эле дүйнөдө жыл сайын өндүрүлгөн 2 миллиард тонна болоттун 70% пайызы көмүр энергиясынын эсебинен эритилерин белгилеп, кайра жаралуучу булактарга өтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. 1988-жылы негизделген “Tosyalı Holding” Түркиянын ири металлургиялык холдингдеринин бири болуп саналат жана Европада, Африкада активдерге ээ.