11.02.25

Түркмөнстандын жаратылыш газы Түркияга 2025-жылдын 1-мартынан тарта жеткирилиши күтүлүүдө. Report агенттигинин маалыматына ылайык, бул тууралуу Түркиянын энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар социалдык тармактагы X баракчасында билдирди.

“Түркия менен Түркмөнстандын энергетикалык кызматташтыгында тарыхый кадам жасалды. BOTAS жана Түркмөнгаз компаниялары, Түркмөнстандын газын Түркияга жеткирүү боюнча келишимге кол коюшту. Бул келишимдин алкагында, газ жеткирүү 2025-жылдын 1-мартынан тарта башталат”, – деп жазды министр.

Анын айтымында, бул келишим Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедовдун катышуусунда 2024-жылдын март айында, Анталияда кол коюлган газ тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумунун практикалык натыйжасы болуп саналат.

Биз көп жылдар бою иштеп келген бул келишим өлкөбүздүн жана жалпы аймактын жаратылыш газы менен камсыздоо коопсуздугун чыңдап, Түркия менен Түркмөнстандын стратегиялык кызматташтыгын дагы да өнүктүрөт”, – деп кошумчалады Байрактар.

Буга чейин, Гурбангулы Бердымухамедов Ирандын президенти Масуд Пезешкиян менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда түрк компаниясы BOTAS менен түркмөн газын Иран аркылуу Түркияга swap схемасы боюнча транзиттик жеткирүү маселеси макулдашылганын билдирген.

https://report.az/ru/energetika/bajraktar-postavki-turkmenskogo-gaza-v-turciyu-nachnutsya-s-1-marta/