14.02.25
2024-жылы Түркия менен Түркмөнстандын ортосундагы соода көлөмү 2,17 миллиард долларын түздү. Бул тууралуу, Түркиянын Түркмөнстандагы элчиси Ахмет Демирок Ашхабаддагы басма сөз жыйынында билдирди.
Бирок анын айтымында бул чек эмес, эки өлкө соода операцияларынын көлөмүн олуттуу түрдө көбөйтүүнү көздөп жатат. Дипломат эки тараптуу сооданын тез өсүшү менен 5 миллиард долларлык максатка жетүү оңой болорун билдирди.
Мындан тышкары, 2025-жылы Түркияда “Түркмөн экспорттук товарларынын көргөзмөсү” өтөт. Элчинин пикиринде, бул иш-чара өлкөлөр ортосундагы ишкердик байланышты чыңдоого жана соода көлөмүн жогорулатууга маанилүү кадам болот.
Ахмет Демирок тиешелүү мекемелер көргөзмөнүн ийгиликтүү өтүшү үчүн толук колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.
2024-жылдын январь-август айларында эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү 1,532 миллиард долларды түзүп, өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 16% пайызга өскөн.