15.02.25
Жыйында, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Кипр Түрк Республикасынын тышкы иштер комиссияларынын жетекчилери катышты. Ошондой эле өлкөлөрдүн депутаттары, элчилери жана Түрк дүйнөсүнүн ар кандай уюмдарынын өкүлдөрү дагы болушту. Эки сессияда өтө турган программада, башкы назарда Россия-Украина согушу, Палестина жана Сириядагы акыркы окуялар, ошондой эле глобалдык жана аймактык маселелер, Түрк дүйнөсүндө кызматташтыкты арттыруу боюнча кадамдар талкууланат.
“Түрк дүйнөсү катары ортобуздагы байланышты бекемдөөгө багытталган конкреттүү кадамдарды уланта беребиз”
Ачылыш сөзүн айткан ТҮРКСОЙ жана Түркия Улуу улуттук жыйыны (TBMM) тышкы иштер боюнча комиссия башчысы Фуат Октай: “Ушундай маанилүү платформаларда Түрк дүйнөсүнүн мүчөлөрүн чогултуп, биринчи кезекте акыркы 34 жылдагы жетишкендиктерибизди кайрадан түшүнүү жана анализдөө мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Глобалдык экономикалык күчтөрдүн борборлору өзгөрүп, биздин аймактын мааниси жогорулаган учурда, Түрк дүйнөсү катары ортобуздагы байланышты бекемдөөгө багытталган конкреттүү кадамдарды улантып келебиз. Түрк дүйнөсү катары көп күч менен курган кызматташтык механизмдерибиз бүгүнкү күндө бардык тармактарда институтташып, чыңалган негиздерге ээ болууда. Өз ара кызматташтык процесстерине жана механизмдерине кошумча, Түрк мамлекеттери астындагы TÜRKPA, TÜRKSOY, Түрк инвестиция фонду, Түрк маданият жана мурас фонду, Түрк академиясы жана Түрк соода жана өнөр жай палаталар бирлигинин жардамы менен өз ара байланыштарды көп тараптуу деңгээлде да кеңейтүүдө жана тереңдетүүдөбүз. Бул тармактар күн сайын кеңейүүдө жана тереңдей бермекчи”- деп белгилеп өттү.
Түрк мамлекеттери уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттер арасындагы соода көлөмүн көбөйтүү керектигин белгилеген Фуат Октай: “Бүгүнкү күндө Түрк кызматташтык уюмдарынын негизинде түзүлгөн кызматташтык платформалары, эл аралык аренада байкоого алынууда жана үчүнчү өлкөлөрдүн кызматташууга кызыгуусу жогорулоодо. Урматтуу президенттерибиздин жетекчилиги астында өлкөлөр ортосундагы кеңири кызматташтыкты чыңдап, Түрк дүйнөсүнүн биригүүсүнө жана кызматташтыгыбыздын институционалдашына чоң маани берип жатабыз. Бул жылдын ичинде, Венгрияда өтө турган бейрасмий саммитте жана Азербайжанда өтө турган Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) 12-жыйынында, көп тараптуу кызматташтыкты күчөтүү боюнча чечимдер кабыл алаарыбызга ишенем. Жалпы жонунан 175 миллионго жакын жаш жана динамикалуу калкыбыз, 1,3 триллион доллардан ашкан соода көлөмүбүз жана жалпы маданий мурасыбыз бизге чоң кадамдарды жасоо үчүн бекем негиз түзөт. Бирок 2023-жылдагы маалыматтарга ылайык, Түрк мамлекеттери уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы соода көлөмү 42 миллиард долларды түзгөн. Бул 1,3 триллион долларлык потенциалдын болгону 42 миллиард долларын колдонгонубүздү билдирет. Бул жалпы соода көлөмүнүн болгону 3% пайызын түзөт. Мындан ары карай көрсөткүчтү арттыруу абдан зарыл. Энергетика жана Орто коридордо, транспорт тармактарында дагы кызматташтыкты көбөйтүү үчүн чоң потенциалыбыз бар. Биздин аймактын энергетика жана транспорт коридорлорундагы маанилүү ролду күчөтүү жана чогуу иштешүү боюнча интенсивдүү иштерди улантуудабыз”- деп билдирди.