05.03.25

Азербайжан жана Түркиянын кийинки биргелешкен долбоору, Нахчыванды Түркия менен байланыштырган электр өткөрүү линиясын куруу болот.

“Report” агенттигинин маалыматына ылайык, бул тууралуу Түркиянын Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар “Игдыр-Нахчыван” газ куурунун ачылыш аземинде билдирди.

Анын айтымында, Түркия менен Азербайжан стратегиялык маанилүү долбоорлорду ишке ашырууну улантууда. Бул долбоорлор Европанын гана эмес, бүтүндөй дүйнөнүн газ коопсуздугун чыңдоого жардам берет.

Алпарслан Байрактар: “Баку-Тбилиси-Жейхан”, “Баку-Тбилиси-Эрзурум” жана “TANAP” газ куурунун долбоорлорунун аркасында, Түркия Азербайжан менен биргеликте дүйнөнү мунай менен камсыздоого жана Европанын энергетикалык коопсуздугуна салым кошууда. Биз энергетика тармагындагы кызматташтык аркылуу бузулгус байланыштарыбызды мындан ары да чыңдай беребиз”, – деп белгилеп өттү.

https://report.az/ru/energetika/bajraktar-sleduyushim-proektom-azerbajdzhana-i-turcii-stanet-liniya-elektroperedachi-iz-nahchyvana-v-turciyu/