07.03.25

Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөр  ортолорундагы ички соода көлөмүн 10% пайыга чейин көбөйтүүнү пландашууда. Бул тууралуу, “Eureporter” басылмасы менен болгон маегинде, Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев билдирди.

Кубанычбек Омуралиев: “Учурда уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы ички соода үлүшү болжол менен 7% пайызды түзөт (2024-жылы уюмга мүчө өлкөлөрүнүн жалпы товар жүгүртүүсү $850 миллиард доллар болуп, анын ичинен ички соода $58,17 миллиард долларга жеткен). Бир нече жыл мурун бул көрсөткүч болгону 3% пайыз болчу.  Демек, биз үмүттөндүргөн өсүштү байкап жатабыз. Эми биздин максат, бул үлүштү мүмкүн болушунча тезирээк 10% пайызга жеткирүү", – деп белгилеп өттү башкы катчы.

Анын айтымында, товар жүгүртүүнү көбөйтүү үчүн ташуу жана логистикадагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча иштер жүрүп жатат. Анын ичинде, Транскаспий эл аралык транспорттук маршруту (Орто коридор) сыяктуу долбоорлор ишке ашырылууда. Орто коридордун инфраструктурасын жакшыртуу 2030-жылга чейин жүк ташуунун көлөмүн үч эсеге көбөйтүп, 11 миллион тоннага жеткирүүгө шарт түзүлөт.

Ошондой эле Кубанычбек Омуралиев транспорт жана бажы кызматташтыгы боюнча олуттуу ийгиликтерге жетишилгенин белгилеп келип: “Жөнөкөйлөтүлгөн бажы коридору, Эл аралык аралаш жүк ташуулар жана санариптештирүү демилгелери (E-Permit, E-CMR жана E-TIR) сыяктуу макулдашуулар логистиканы оптималдаштырууга жана сооданын натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берет. Бул аракеттер биздин негизги максатыбыз регионалдык экономикалык интеграцияны тереңдетүү жана өлкөлөр аралык соода агымдарын жакшыртуу үчүн маанилүү” - деп билдирди.

Мындан тышкары, башкы катчы Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) өлкөлөрү товарларды ташуу гана эмес, экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жана Чыгыш менен Батыштын ортосундагы өз ара соода гүлдөп-өнүгүүгө көмөктөшүү максатында транзиттик көпүрө катары кызмат кылууга даяр экенин кошумчалады.

https://report.az/ru/infrastruktura/gensek-otg-nacelena-na-uvelichenie-vnutrennej-torgovli-do-10/