05.04.25
Түркиянын Энергетика жана табигый ресурстар министри Алпарслан Байрактар “Анадолу” агенттигине берген маегинде: “Түркия жана Азербайжан ортосундагы энергетикалык кызматташтыкта жаңы барактары ачылууда”, – деп белгилеп өттү. Бул тууралуу, “Azernews” маалымат агенттиги билдирди.
Ал белгилегендей, Азербайжанда өндүрүлгөн электр энергиясын, айрыкча жашыл энергия булактарынан алынганын, Грузия жана Нахчыван аркылуу Түркияга өткөрүү мүмкүнчүлүгү боюнча талкуулар жүрүп жатат: “Албетте, биз бул долбоорду Европа рыногу менен байланыштыруу ниетибиз бар” – деп билдирди.
Байрактар ошондой эле Түркия быйыл Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) энергетика министрлеринин жыйынын өткөрөрүн жарыялады: “Биз Азербайжан менен болгон эки тараптуу кызматташууну көп тараптуу кызматташтыкка айлантууну жана ушундайча экономикалык чөйрөнү кеңейтүүнү пландап жатабыз” – деп билдирди.
Түштүк газ коридорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, Байрактар аны эки өлкө лидерлеринин күчтүү саясий эрки менен ишке ашкан “глобалдык долбоор”- деп атады.
“Биздин максатыбыз (TANAP) газ кууруунун кубаттуулугун 16 миллиард куб метрден 31 миллиард куб метрге чейин көбөйтүү. Түркия ар дайым маанилүү рынок жана жаратылыш газынын түйүнү катары өзүнө тийиштүү ролду аткарууга даяр. “Баку-Тбилиси-Жейхан” кууру аркылуу Азербайжандын мунайын Түркия аркылуу ташуу дүйнөлүк мунай рынокторуна чоң салым кошот”-деп билдирди.