05.04.25
Түркиялык “Anadolu Isuzu” компаниясы, Өзбекстандагы өндүрүш максаттарына дагы бир кадам жакындады. Компания Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик мүлк башкармалыгына “JV SamAuto” компаниясынын 75,2% пайыздык акциясын сатып алуу боюнча сунушун берди.
Бул багытта Түркиялык “Anadolu Isuzu” компаниясынын Стратегия жана бизнести өнүктүрүү боюнча директору Али Салихи, Өзбекстандын Инвестиция, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов менен жолугуп, өлкөдө автомобиль өндүрүшү жана инновациялык технологияларды колдонуу маселелерин талкуулады. “Anadolu Isuzu” компаниясынын бул кадамы, эл аралык базардагы катышуусун күчөтүү жана өндүрүш кубаттуулугун арттыруу стратегиясынын маанилүү бөлүгү катары бааланууда.
https://www.uzdaily.uz/ru/anadolu-isuzu-pretenduet-na-kontrolnyi-paket-samauto-v-uzbekistane/