15.04.25

Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) Бажы башкармаларынын биринчи бейрасмий жыйыны 2025-жылдын 15-апрелинде Венгриянын борбору Будапешт шаарында өттү.

Жыйынга төмөндөгү жогорку деңгээлдеги өкүлдөр катышты:
–ТМУнун Башкы катчысы, Элчи Кубанычбек Өмүралиев,
– Венгриянын Улуттук салык жана бажы башкармалыгынын комиссары Ференц Вагуйхейи,

– Венгриянын Тышкы иштер жана соода министрлигинин мамлекеттик катчысынын орун басары Каталин Бихари,

– Венгриянын Бажы жана эл аралык иштер боюнча жооптуу комиссарынын орун басары, генерал-майор Кристоф Петер Бакай,

–Азербайжандын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы Шахин Багиров,
– Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитетинин төрагасынын орун басары Кайрат Жумагулов,

– Кыргызстандын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев,

–Түркиянын Соода министринин орун басары Сезаи Учармак,
– Өзбекстандын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы Акмалхужа Мавлонов.

Башкы катчы Өмүралиев ачылыш сөзүндө Венгриянын уюдагы активдүү ролун жана стратегиялык салымын баса белгилеп, жакында өтө турган Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) бейрасмий мамлекет башчыларынын саммитинин алдында Будапештте өткөрүлгөн бул жыйындын маанилүүлүгүн өзгөчө белгиледи.

Ошондой эле, Бажы кызматташтыгы уюмдун негизги артыкчылыктарынын бири экенине көңүл бурган элчи, кабыл алынган “eTIR” иш-аракеттеринин планы, жөнөкөйлөтүлгөн бажы коридору жана “Кербенсарай” долбоору сыяктуу улантылып жаткан демилгелер боюнча жетишилген ийгиликтер тууралуу айтып берди.

Ал түрк мамлекеттеринин бажы тартибин жаңыртуу жана санариптештирүүнү колдоо максатында, Венгриянын өзгөчө тажрыйбасын пайдалануу менен Европа Биримдиги менен дагы тыгыз кызматташууга чакырды.

Венгрия тарабы электрондук соода, сооданы жөнөкөйлөтүү иш-чаралары, Европа Биримдигинин бажы реформасы боюнча пакети, Венгриянын 2024-жылдагы Евробиримке (ЕБ) төрагалыгы учурундагы жетишкендиктери жана Вышеград тобу сыяктуу аймактык кызматташуу механизмдеринде топтогон тажрыйбалары менен бөлүштү.

Уюмга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү бажы системасын модернизациялоо жана аймактык экономикалык кызматташтык жаатындагы өлкөлүк тажрыйбаларын сунушташты.

Жыйында Түрк мамлекеттери уюму (ТМУ) менен Европа Биримдигинин (ЕБ) ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, маалымат алмашуу жана бажы тармагында потенциалды жогорулатуу маселелерине басым жасалып, уюмдун алкагында мындан аркы кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү каралды.

https://www.turkicstates.org/tr/haber/budapest-hosts-first-ots-informal-customs-meeting-advancing-trade-and-connectivity