26.05.25

Быйыл ишин баштоону көздөп жаткан Түрк инвестициялык фонду (TIF) инвестициялык ишмердүүлүгүнүн негизги принциптери менен механизмдерин аныктаган негизги документтерди даярдоону аяктап жатат.

Түрк инвестициялык фондунун (TIF) маалымат кызматынын берген маалыматында, фонд инвестициялык саясаттын негиздерин иштеп чыгууда. Иштелип чыккан инвестициялык саясат, каржылык жана укуктук маселелерди камтыйт жана долбоорлорду тандап алуу, ишке ашырууда негиз катары кызмат кылат.

Инвестициялык саясат боюнча жумушчу топко катышуучу өлкөлөрдүн расмий дайындалган өкүлдөрү кирет: Азербайжан тараптан Эмиль Мамедов менен Эльман Махмудов, Венгриядан Тамаш Жомбор Ямбрик, Казакстандан Данияр Азильханов, Кыргызстандан Фархад Ибраев, Түркиядан Мехмет Оймак жана Өзбекстандан Эльдар Мавлюдов. Бул топ документти даярдоо боюнча олуттуу жылыштарга жетишти.

Түрк инвестициялык фондунун тараткан билдирүүдө: “Фонддун аткаруучу жетекчилиги менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барган жумушчу топ инвестициялык саясаттын алкагында аймактардын туруктуу өнүгүү приоритеттерине жана эффективдүү башкаруу боюнча эл аралык стандарттарга жооп беришин камсыздоого аракет кылууда”, – деп айтылат.

Жетишилген ийгиликтер менен таанышуу үчүн 22-май күнү фонддун президенти Багдад Амреев жумушчу топтун мүчөлөрүн  кабыл алды.

Эскерте кетсек, Түрк инвестициялык фонду (TIF) 2024-жылдын 18-майында Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын демилгеси менен негизделген. 2025-жылдын февраль айында Венгриянын расмий кошулуусуна байланыштуу фонддун уставдык капиталы 100 миллион долларга көбөйтүлүп, 600 миллион долларга жеткирилген. Фонддун максаты,  түрк тилдүү өлкөлөрдүн инфраструктура, кайра жаралуучу жашыл энергия, айыл чарба жана туризм тармактарындагы инвестициялык долбоорлорду колдоо, ошондой эле мамлекеттик жана жеке секторлордо туруктуу экономикалык өсүшкө көмөктөшүү болуп саналат.

https://report.az/ru/finansy/tyurkskij-investfond-vyrabatyvaet-edinye-podhody-k-investiciyam-v-regione/