29.05.25

29-майда өткөн “KIT-2025” форумунда Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысынын орун басары Мирвохид Азимов сөз сүйлөдү. Анын айтымында, түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрү өзгөчө абалда турушат жана алар глобалдык санариптик трансформацияда негизги ролду ойной алышат.

Мирвохид Азимов: “Санариптик трансформация дүйнөлүк көрүнүштү кайра аныктап жаткан доордо биздин өлкөлөр жөн гана катышуучулар болбостон, технологиялык революциянын лидерлерине айланышы керек”- деп билдирди.

Мирвохид Азимов өзгөчө  жасалма интеллект тууралуу пикирин билдирди. Анын айтымында, жасалма интеллект башкаруу, саламаттык сактоо, билим берүү жана экономика тармактарына тездик менен кирип, аймактык өнүгүүнүн жаңы баскычына жол ачууда.

Ошондой эле ал 2025-жылы Бишкек шаары расмий түрдө “Түрк дүйнөсүнүн санариптик борбору” деп таанылганын эске салды. Бул макам форумдун маанисин арттырып турат. Мындай  статус менен Кыргызстандын борбор шаары өткөн жылы эле эки жүздөн ашуун эксперттер менен саясатчыларды бириктирген “Жасалма интеллект” форумун өткөргөн.

Мирвохид Азимов Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) өлкөлөрүнүн кызматташуусу алкагында бир катар жаңы демилгелерди да жарыя кылды:

  • Merge Innovation Summit — 29–30-сентябрда “Pasha Holding” колдоосу менен Бакуда өтөт, Форум түрк мамлекеттери жана Борбор Азиядагы венчурдук инвесторлорду чогултуп, чек ара аралык долбоорлорду илгерилетүүгө багытталат.
  • AI Startup Cup 2025 — Жасалма интеллект жаатындагы ири стартаптар сынагы, Кремний өрөөнүндөгү Silk Road Innovation Hub менен биргеликте уюштурулат. Регионалдык финалдар Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрүндүн аймагында өтөт, ал эми глобалдык финал Америкада болот.

Мирвохид Азимов: “Бул демилгелер венчурдук экосистеманы өнүктүрүүгө, келечектүү IT-стартаптарды колдоого жана ишенимге негизделген өнөктөштүктү чыңдоого багытталган”, - деп белгилеп өттү.

https://www.tazabek.kg/news:2276097?from=portal&place=last