02.06.25
Түркияда электр унаалардын сатылышы акыркы мезгилде өстү. Бул өсүшкө бул тармактагы берилген жеңилдиктер, “Togg” унаасынын рынокко чыгарылышы жана кубаттоо инфраструктурасынын кеңейиши чоң таасир тийгизди.
Улуу Британияда жайгашкан көз карандысыз изилдөө уюму “New AutoMotive” берген маалыматтарга ылайык, Түркия электр унаа сатуулары боюнча дүйнөдөгү эң ири 10 базардын бири болуп калды.
Апрель айында дүйнө жүзү боюнча 977 миң электр унаасы сатылды. Бул бардык мезгилдердин ичиндеги апрель айы үчүн эң жогорку көрсөткүч болуп катталды жана өткөн жылга салыштырмалуу 29 пайыз өсүүнү көрсөттү.
Кытай апрелдеги жалпы сатуулардын 68 пайызын камсыздаса, Америка 10 пайызын түздү. Германияда апрелде 45 миң 354, Францияда 25 миң 882, Улуу Британияда 24 миң 53, Бельгияда 12 миң 469 жана Түркияда 11 миң 173 электр унаасы сатылды.
Бул көрсөткүчтөрдү 10 миң 942 унаа менен Норвегия, 9 миң 661 унаа менен Нидерландия жана Данияда 9 миң 561 унаа сатылды.
Батарея менен иштеген электр унаалардын базардагы үлүшү тынымсыз сегизинчи ай катары менен 10 пайыздан жогору болду. Түркия апрель айындагы сатуу көрсөткүчтөрү боюнча Жер Ортолук деңизинин аймагындагы өлкөлөрдүн арасында лидер болуп, Испания, Италия, Словения, Хорватия жана Греция сыяктуу көптөгөн коңшу өлкөлөрдөн озуп кетти.
Акыркы 12 ай ичинде Түркия электр унаа сатуу боюнча Норвегияны артта калтырды. Ал эми жакынкы айларда Нидерландиядан да озуп өтөт деп күтүлүүдө.
Бул мезгилде сатуу жагынан алдыңкы саптарды Кытай, Америка, Германия, Улуу Британия, Франция, Бельгия жана Нидерландия ээледи. Нидерландияда акыркы бир жылда 129 миң 560 электр унаа сатылса, Түркияда 123 миң 982 унаа сатылып, ал дүйнөдөгү эң чоң 8-электр унаа базарына айланды.
Экинчи жагынан, Түркиядагы электр унаа сатуусу 2024-жылдын декабрь айында 17 миң 894 унаа менен эң жогорку деңгээлге жетти. Түркия бул мезгилде айлык сатуулар боюнча дүйнөдө 6-орунду ээлеген.
Түркиядагы өсүш улана турганын күтөбүз
“New AutoMotive” уюмунун башкы аткаруучу директору (CEO) Бен Хелмес Түркиянын электр унаа базары “таасирдүү өсүштү” башынан кечирип жатканын жана Европа автоунаа базарында маанилүү ийгилик окуясы катары орун алганын белгиледи.
Хелмес бул сатуулардагы өсүш негизинен өкмөттүн активдүү колдоосу, “Togg” сыяктуу жергиликтүү бренддердин ийгиликтүү ишке кириши жана кубаттоо инфраструктурасынын кеңейиши менен байланыштуу экенин айтты.
Хелмес: “Бул бекем негиздерге, модель түрдүүлүгүнүн көбөйүшү жана акыркы учурдагы күйүүчү майдын кымбатташы шартында, электр унаалардын кадимки унааларга караганда берген экономикалык артыкчылыктары да кошулганда, алдыдагы айларда жана жылдарда Түркияда электр унаа сатууларынын күчтүү өсүшү уланат деп күтүп жатабыз”, - деп белгилеп өттү.