11.06.25

Ортоңку коридор – бул кургактык менен деңизди байланыштырган жөн гана транспорттук маршрут эмес, ал ошондой эле элдерди жакындаткан маанилүү маданий жол болуп саналат.

Бул тууралуу Түркиянын Үй-бүлө жана социалдык кызматтар министри Махинур Өздемир Гөкташ Баку шаарында өткөн “Ортоңку коридор 360°: Геосаясаттан санариптик трансформацияга, үй-бүлөдөн жашыл өнүгүүгө чейин” аттуу иш-чарада билдирди. Бул тууралуудеп “Report” маалымат  агенттиги билдирди.

Министр өз сөзүндө түрк элдеринде үй-бүлө тарых бою коомдун негизи болуп келгенин баса белгиледи. “Ортоңку коридор, бул ошондой эле түрк мамлекеттеринин ортосундагы үй-бүлөлүк байланыштарды кеңири форматта өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн долбоор”, — деп белгилеп өттү.

Андан соң  министр айым, санариптик трансформация темасына токтолуп, Түркия бардык санариптешүүгө багытталган тармактарда инновацияларды колдой турганын билдирдип келип: “Биз келечек муундарды санариптешүү дооруна толук даяр кылып тарбиялашбыз керек. Түркия жашыл жана санариптик трансформация жаатында ыкчам илгерилөөдө. Биз ал тургай климаттык аракеттерди санариптештирүү боюнча демилгени, Бразилияда өтө турган COP30 конференциясынын алкагында ишке киргизип жатабыз. Бул жолдо көрсөтүлгөн биздин жалпы эрк, өнүгүүбүздү илгерилеткен негизги фактор болуп саналат. Ар бир кадамыбыз тынчтыкка жана жыргалчылыкка салым кошот", — деп билдирди.

https://report.az/ru/infrastruktura/tureckij-ministr-srednij-koridor-kulturnyj-put-sblizhayushaya-narody/