10.09.2025
Борбор Азияны, Каспийди, Азербайжан менен Арменияны Түркияга туташтыра турган Зангезур Коридору Орто Коридордун маанилүү бөлүгү катары белгиленип жатат. Бул алкакта август айында “Карс–Ыгдыр–Аралык–Дилучу” темир жолунун пайдубалы түптөлдү.
Адистердин пикиринде, коридор соода үчүн гана эмес, энергетикалык коопсуздук үчүн да маанилүү. Ал Европага альтернатива мунай, газ жана электр жеткирүүдө стратегиялык багыт боло алат.
Проф. доктор Октай Танрысевердин айтымында, коридор Каспий энергиясын Түркия менен Европага эң кыска жол аркылуу жеткирүүгө шарт түзөт. Бирок коопсуздук маселелеринин чечилиши убакыт талап кылат. Ал Зангезур аркылуу көбүрөөк мунай жана газ келсе, Түркиянын регионалдык энергетикалык борборго айлануу максатына салым кошоорун белгиледи.
Проф. доктор Левент Айдын болсо, Зангезурдун Түркия аркылуу өтүп жаткан “TANAP” жана башка газ куурларын толуктаган жаңы багыт болорун айтты. Анын баамында, бул коридор келечекте газ жана мунай куурлары, электр берүү линиялары жана санариптик байланыш үчүн стратегиялык инфраструктурага айланышы мүмкүн.
Адистер Евробиримдик (ЕБ) менен Америка бул долбоорду Россиядан көз карандысыз энергия багыты катары колдоп жатканын, ал эми Кытай аны өзүнүн “Бир алкак — бир жол” демилгесинин алкагында жаңы логистикалык фронт катары баалап жатканын белгилешет.