05.10.25
“Мен үчүн Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү – өзгөчө жана сыймыктуу милдет”
Бишкектеги Түркиянын элчиси Мекин Мустафа Кемал Окем Түркиянын Кыргызстандагы инвестициялары 1,4 миллиард доллардан ашканын, ал эми эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү анын өзгөчө жана сыймыктуу милдети экенин билдирди. Бул тууралуу “Анадолу” маалымат агенттиги кабарлады.
Элчи Окем Бишкектеги маалымат кызматынын өкүлдөрү менен жолугушуп, алар менен эртеңки тамакта баарлашты. Ал Түркия менен Кыргызстандын мамилелерине токтолуп, алгач ирет Кыргызстанга 1993-жылы келгенин жана дал ошол жылы дүйнөдөгү биринчи Түркиянын Кызматташтык жана координация агенттигинин (TİKA) кеңсеси ушул жерде ачылганын эске салды.
Мекин Мустафа Кемал Окем: “Мен үчүн өз өлкөм менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, бул кооз өлкө жана анын меймандос эли үчүн аткаруучу өзгөчө жана сыймыктуу милдет. Жүрөгүмдүн жарымы кыргыз, жарымы түрк”-деп билдирди.
Ал Түркия 1991-жылы Кыргызстан көз карандысыздык жарыялаган соң, аны биринчи болуп тааныган өлкө экенин эске салып, Түркия парламенти Кыргызстанды жарым сааттын ичинде тааныганын белгиледи.
Элчи мырзанын айтымында, Түркия Кыргызстанга элчи жөнөткөн алгачкы өлкө болгон. Ошондуктан Бишкектеги Түркия элчилигинин номер белгиси 01 саны менен башталат.
Эки өлкө ортосундагы мамилелердин алгачкы жылдарындагы аракеттер тууралуу сөз кылып келип Мекин Мустафа Кемал Окем: “Биз “Turkish Airlines” авиакомпаниясын Бишкекке аба каттамдарын баштоого ынандырдык. Түркиянын спутнигинен трансляция жабдууларын бердик. 10 миң студент үчүн долбоор баштадык. Ал кездеги президент Тургут Өзалдын көрсөтмөсү менен “бир туугандар менен бөлүшөлү” деген принцип менен иш жүргүздүк”-деп белгилеп өттү.
Түркиянын инвестициялары өлкөнүн бардык аймактарында бар
Окемдин айтымында, Кыргызстанда кен казуу, туризм, энергетика, курулуш жана транспорт сыяктуу тармактарда 350 түрк компаниясы иш алып барат. Ал түрк инвестицияларынын көлөмү 1,4 миллиард доллардан ашканын белгиледи.
Элчи: “Акыркы убактарда түрк компаниялары энергетика жана курулуш тармактарында ири долбоорлорду ишке ашырууда. Кыргызстанда дагы көп түрк компаниялары долбоорлорго катышат деп үмүттөнөбүз”, — деп билдирди. Элчи, түрк инвестициялары өлкөнүн бардык аймактарында бар экенин кошумчалап өттү.
Окемдин айтымында, Түркия менен Кыргызстандын президенттери жаңы соода көлөмүнүн максаттуу көрсөткүчүн 5 миллиард доллар деңгээлинде белгилешкен. 2024-жылы эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүсү өткөн жылга салыштырмалуу 5 пайызга өсүп, 1 миллиард 546 миллион долларга жеткен. 2025-жылдын июль айына карата бул көрсөткүч 829 миллион долларды түзгөн.
Окем TİKA уюму Кыргызстанда 88 миллион доллардык бюджет менен 1000 ашуун долбоорду ишке ашырганын айтты. Ал бул долбоорлор кыргыз тараптын өтүнүчтөрүнүн негизинде иштелип чыкканын белгиледи. Ошондой эле элчи TİKA колдогон айрым долбоорлор жөнүндө айтып, Режеп Тайип Эрдоган атындагы кыргыз-түрк достук ооруканасы, Бишкек инновациялык борбору жана “Өзгөн” балык чарбасы сыяктуу долбоорлор кыргыз элинин жашоосуна түздөн-түз таасир этерин баса белгиледи.
Биздин Кыргыз-Түрк “Манас” университетибиз эң чоң сыймыгыбыз
Окемдин айтымында, анын эң чоң сыймыгы 1995-жылы негизделген Кыргыз-Түрк “Манас” университети.
Элчи: “Кыргызстандын бардык аймактарында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин бүтүрүүчүлөрүн жолуктурдум. Бул мен үчүн чоң кубаныч жана сыймык. Университет кыргыз жаштарына акысыз билим берет. Бул абдан маанилүү деп эсептейм”, — деп белгилепе өттү.
Элчи быйыл Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде медицина факультети ачылганын айтып, алгачкы 37 студент кабыл алынганын, факультет бара-бара кеңейип, Кыргызстандын саламаттык сактоо системасына белек катары берилерин белгиледи.
Ошондой эле ал университеттин MANAS TV телеканалы ишин жогору баалап, пандемия маалында Кыргызстандын окуучулары ушул канал аркылуу билим ала алганын белгиледи.
Быйыл биз “Кыргызстандын жылдыздары” стипендиялык долбоорун баштадык
Билим берүү эки өлкө ортосундагы мамиленин негизги бөлүгү экенин баса белгилеген Окем Кыргызстандагы мыкты студенттер үчүн “Кыргызстандын жылдыздары” аттуу стипендиялык долбоордун башталганын жарыялады.
Анын айтымында, быйыл орто мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн билим деңгээлин аныктоочу сынакта алдыңкы 50 орунга кирген 11 окуучу Түркияда билим алуу үчүн ушул стипендияга ээ болот.
Элчи сөзүнүн аягында “Маариф” фонду жүргүзүп жаткан ишмердик тууралуу айтып, саламаттык сактоо, дин, жогорку билим берүү жана маданият жаатындагы долбоорлор тууралуу маалымат берди. Ошондой эле журналисттердин суроолоруна жооп берип, Түркияда кыргызстандыктарды дарылоо, маалымат каражаттары менен кызматташуу, гастрономияны жайылтуу, медиа тармагындагы окуу семинарлары, TRT менен биргелешкен программалар жана технопарк түзүү сыяктуу темаларды талкуулады.