04.10.25
Кызматташтык түз байланыштар аркылуу да, Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) аркылуу да өнүгүүдө Кыргызстан менен Түркиянын мамилелери мындан ары да чыңдалып жатат. Муну өлкөлөрдүн маданияттан тартып экономикага чейинки ар түрдүү тармактардагы кызматташтыгын айгинелейт. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги жана массалык маалымат кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн маалымат-жыйын учурунда белгилүү болду.

Саясий кызматташтык

Өткөн жылдын ноябрь айында, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин 6-жыйыны өткөн. Бул сапардын жыйынтыгында эки өлкө ортосундагы мамиленин деңгээли “стратегиялык өнөктөштүктөн” “ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк” деңгээлине көтөрүлгөн.

Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз 2025-жылдын 17–18-сентябрында Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Анын алкагында, Эки тараптуу экономикалык комиссиянын 12-жыйыны өткөрүлүп, ал өтө натыйжалуу болду. Себеби тараптар соода, инвестиция, энергетика, тоо-кен тармагы, билим берүү, саламаттык сактоо жана транспорт сыяктуу көптөгөн багыттар боюнча кызматташууну улантышат.

Ошондой эле вице-президент Кыргызстан төрагалык кылган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) өкмөт башчыларынын/вице-президенттеринин Саммитине катышты. Түркия тарап Кыргызстанда боло турган парламенттик шайлоолорду колдой турганын жана алардын өлкөгө пайда алып келерине үмүт артканын билдирди.

Соода жана инвестициялык байланыштар

Түркия менен Кыргызстандын соода жүгүртүүсү туруктуу өсүүдө. 2024-жылы бул көрсөткүч мурунку жылга салыштырмалуу 5% пайызга көбөйүп, 1,546 миллиард долларга жеткен. 2025-жылдын июль айына карата эки тараптуу соода көлөмү 829 миллион долларды түздү.

Эки өлкөнүн президенттери сооданын көлөмүн 5 миллиард долларга жеткирүү максатын коюшкан. Түркиянын Кыргызстандагы инвестициялары 1,4 миллиард доллардан ашкан. Бүгүнкү күндө өлкөдө тоо-кен, туризм, энергетика, курулуш жана транспорт тармактарында 350 жакын түрк компаниялары иштеп жатат. Алар энергетика жана курулуш сыяктуу тармактарда ири долбоорлорду ишке ашырып, кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин билдиришти.

Институттук өнүгүү жаатындагы өнөктөштүк

Түркия менен Кыргызстан илим жана техника тармагындагы өнүгүүдө бири-бирин ар кандай институттар аркылуу колдоп келишет. Алардын ичинен эң негизгиси 1993-жылы Кыргызстанда кеңсесин ачкан TİKA агенттиги болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө TİKA Кыргызстанда 1000 ашык долбоорду ишке ашырып, алардын жалпы баасы 88 миллион долларга жеткен. Түркиянын жалпы өнүгүүгө арналган жардамы 1 миллиард доллардан ашат.

Бул долбоорлордун ичинде кыргыз жарандар үчүн маанилүүлөрү да бар: Бишкектеги Режеп Тайип Эрдоган атындагы “Достук” мамлекеттик ооруканасы, Илим боюнча инновациялык борбор жана “Өзгөн” балык чарбасы заводу.

Билим берүү жаатындагы байланыштар

Билим берүү Кыргызстан менен Түркиянын кызматташуусунун негизги багыттарынын бири. Азыркы учурда 7 башталгыч жана орто мектепте 1,472 окуучу билим алууда. 2021-жылдан бери Кыргызстанда Түркиянын “Маариф” фонду иштеп келет. Анын алкагында өлкөдө 21 мектеп, 16 жатакана жана бир университет иштейт. Бардыгы болуп 16 700дөй студент билим алууда.

Кыргыз-түрк “Манас” университети быйыл 30 жылдык мааракесин белгиледи жана дүйнөдөгү эң мыкты 1000 университеттин катарына кирген Кыргызстандагы жалгыз жогорку окуу жай болуп саналат. Анда 4000 ашык студент билим алып, 13, 200 бүтүрүүчү чыккан. 2025-жылдан тартып жаңы медициналык факультет иштей баштады.

Өлкө боюнча 5000 ашык кыргызстандык студент стипендия алып окуйт. “Түркия стипендиялары” программасы аркылуу дагы 345 студент билим ала баштайт.
Ошондой эле чет өлкөдөгү түрк жамааттары жана тууган элдер менен иш алып баруучу башкармалык Кыргызстан үчүн атайын “Кыргыз жылдыздары” аттуу стипендиялык программа ишке киргизди. Бул программа аркылуу ОРТ сынагында эң мыкты 50 студенттин ичинен тандалган 11 атайын стипендия берилди.

Саламаттык сактоо жаатындагы кызматташтык

Бишкектеги Режеп Тайип Эрдоган атындагы кыргыз-түрк “Достук” мамлекеттик ооруканасы өткөн жылы эки өлкө президенттери тарабынан расмий ачылган. Ошондон бери бул жерде 55,818 бейтап дарыланып, 1,065 операция жасалган. Кардиология, жүрөк-кан тамыр хирургиясы, жалпы хирургия, өпкө оорулары, терапия жана нефрология бөлүмдөрү иштейт. Бул ооруканада 10 орган трансплантациясы ийгиликтүү жүргүзүлгөн, анын ичинде 2 боор жана 8 бөйрөк көчүрүлгөн. Эки өлкө ортосундагы келишимге ылайык, жыл сайын Түркияда Кыргызстанда айыккыс дарттарга чалдыккан болжол менен 100 жаран акысыз дарылануу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Маданий байланыштардын кеңейиши

Кыргызстан менен Түркияны тарых жана маданият бириктирет. Ошондуктан бул тармакта да олуттуу жетишкендиктер байкалууда. 2025-жылдын июль айында Бишкекте Юнус Эмре атындагы түрк маданият борбору ачылды.

Түркия Кыргызстан жарандарына ар түрдүү диний кызматтарды көрсөтүп келет. Түркиянын Диний иштер башкармалыгы жана Диний фонд Ош мамлекеттик теология факультетин жана Ош “Имам Хатип” орто мектебин колдойт. Бул окуу жайларда 438 студент билим алууда. Бишкектеги Имам Сарахси мечитинин жанындагы үй-бүлөлүк жана диний багыттагы борбор аялдарга колдоо көрсөтүүдө. Ал эми “Диний” фонд 2025-жылы эле 350 кыргызстандык студентке стипендия ыйгарган. Жогорудагы бардык фактыларды эске алуу менен, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы ар тараптуу кызматташтык жана өз ара колдоо саясаты мындан ары да уланаары шексиз.

https://vesti.kg/politika/item/144138-kyrgyzsko-turetskie-otnosheniya-prodolzhayut-ukreplyatsya.html