07.10.25
Эл аралык мамилелерди талдоо борборунун башкармалыгынын мүчөсү, доктор Жавид Велиев Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын 12-саммитинде кабыл алынган чечимдер жана уюмдун максаттары тууралуу ой пикирин билдирди.
ТМУ мамлекет башчыларынын 12-саммити 2025-жылдын 6–7-октябрында Азербайжандын Габала шаарында “Аймактык тынчтык жана коопсуздук” темасынын алдында өттү. Саммиттин жүрүшүндө ТМУнун төрагалыгы Кыргызстандан Азербайжанга өттү. Айрыкча бардык мүчө жана байкоочу мамлекеттердин жогорку деңгээлде катышуусуна байланыштуу бул саммит ТМУ тарыхындагы эң күчтүү жыйындардын бири болду деп айтууга болот.
Саммиттин соңунда лидерлер 121 пункттан турган Габала декларациясын кабыл алышты. Ошондой эле “ТМУ+” форматын түзүү, ТҮРКСОЙду күчөтүү жана Түрк академиясында реформаларды жүргүзүү боюнча келишимдерге кол коюлду. Саммитте Түркмөнстан Түрк академиясына жана Түрк маданияты менен мурас фондуна, ал эми Түндүк Кипр Түрк Республикасы (ТКТР) Түрк академиясына байкоочу мүчө катары кабыл алынды.
Азербайжанда өткөрүлгөнүнүн мааниси
ТМУ үч негизги геосаясий бөлүктөн турат: Анадолу, Түштүк Кавказ жана Түркстан. Алардын ичинен Түштүк Кавказдын лидери болгон Азербайжан түрк дүйнөсүн бириктирүүчү борбор катары өзгөчө ролго ээ. Түркстан менен Түркиянын ортосундагы эң ишенимдүү байланыш да Азербайжан аркылуу түзүлөт. Азыркы учурда ТМУ бул максатты Орто коридор долбоору аркылуу ишке ашырууну көздөөдө.
ТМУ менен мамилелерди тышкы саясаттын артыкчылыктуу багыты катары көргөн Азербайжан уюмду чыңдоо жана аны глобалдык оюнчуга айландыруу үчүн аракеттенүүдө. Региондо иш алып барган башка уюмдардын бар экенин эске алганда, бул аракеттин мааниси абдан чоң. Азербайжан президенти Илхам Алиев “Биздин үй-бүлөбүз – түрк дүйнөсү, башка үй-бүлөбүз жок” деп белгилеп, ТМУнун Азербайжан үчүн маанилүүлүгүн баса көрсөттү.
Ошондуктан Азербайжан акыркы жылдары ТМУ алкагында гана эмес, эки тараптуу деңгээлде да түрк мамлекеттери менен тыгыз кызматташып келет. Азербайжандын төрт өлкө менен союздаштык келишими же декларациясы бар, алардын үчөө — Түркия, Казакстан жана Өзбекстан. Түрк дүйнөсүн негизги саясий багыт катары кароо бул өлкөдө саясатчылардын гана эмес, элдин да жалпы макулдугуна айланган.
Тышкы саясаттагы макулдашуу
ТМУнун Габала декларациясында тышкы саясат боюнча көптөгөн маселелерде өз ара тил табышуу жана колдоо темасы өзгөчө белгиленди. Айрыкча төмөнкү демилгелер көңүлгө алынды:
- Зангезур коридорун ачуу жана Азербайжан менен Нахчывандын ортосундагы тоскоолдуксуз каттамды камсыз кылуу,
- Азербайжан–Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жол долбоору аркылуу бошотулган аймактарды калыбына келтирүүгө колдоо көрсөтүү,
- Афганистандын коопсуздугуна маани берүү жана Түркстан аймагынын туруктуулугун сактоо,
- Кипр түрк эли менен тилектештик билдирүү жана алардын түрк дүйнөсүнүн маанилүү бөлүгү экенин баса белгилөө,
- Сирияда коопсуздук жана калыбына келтирүү иштерине колдоо көрсөтүү.
Бул кадамдар Түркия үчүн да абдан маанилүү тышкы саясаттык демилгелер катары бааланды.
Декларациядагы маанилүү пункттардын бири — Консулдук кызматташтык платформасын түзүү болду. Анын максаты — консулдук кызматтарды жеңилдетүү, чет өлкөлөрдөгү жарандарды коргоо жана мүчө мамлекеттер ортосунда координацияны жогорулатуу. Бул демилге ТМУ мамлекеттеринин консулдуктарына бардык мүчө мамлекеттердин жарандарын өз ара тейлөөгө мүмкүнчүлүк берет.