14.10.25

Түркия Кыргызстан жана башка түрк мамлекеттеринин жарандарын жумушка алуу тартибин жеңилдетти. Бул тууралуу, “ТРТ” маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, өлкөдө түрк тектүү чет элдиктердин ишмердүүлүгүн жөнгө салган президенттин жарлыгы күчүнө кирди. Бул документ аларга куралдуу күчтөр жана коопсуздук түзүмдөрүнөн башка мамлекеттик жана жеке мекемелерде эркин иштөө жана кол өнөрчүлүк менен алектенүүгө мүмкүндүк берет.

Түрк тектүү чет элдиктерге Түркиянын мыйзамдарында белгиленген кесиптик талаптар аткарылган шартта эмгек ишмердүүлүгүнө уруксат берилет. Уруксат берүү чечимин Түркиянын Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги, Ички иштер жана Тышкы иштер министрликтеринин пикирин эске алуу менен кабыл алат.

Уруксат алган чет элдиктер, Түркия жарандары сыяктуу эле кесиптик бирикмелерге мүчө болуп катталышы керек жана шайлоого катышуу жана шайлануу укуктарынан башка бардык мүчөлүк укуктарга ээ болушат.

Мыйзам ошондой эле мындай адамдарды өлкөдө жашоо жана иштөө үчүн түрк жарандыгына ээ болуу талабынан бошотот, бирок аларга саясий укуктар берилбейт. Мыйзамдын аткарылышын тиешелүү министрликтер көзөмөлдөйт, ал эми аны колдонуу тартиби президенттин токтому менен аныкталат.

https://vesti.kg/obshchestvo/item/144506-turtsiya-uprostila-trudoustrojstvo-dlya-grazhdan-kr-i-drugikh-tyurkskikh-stran.html