23.10.25

Түрк тилдүү мамлекеттердин уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев Брюсселге иш сапары менен барды. Башкы катчы “Euronews” агенттигине берген маегинде, өзү жетектеген уюм соода, айыл чарба, коопсуздук, технология жана башка тармактардагы кызматташтык аркылуу өзүнүн бириккен күчүн кыйла арттырды деп билдирди

Кубанычбек Омуралиев: “Эгерде биздин жалпы ички дүң продукцияга (ИДП) карасак, ал 2,1 триллион долларды түзөт, ал эми түрк өлкөлөрүнүн ортосундагы жалпы товар жүгүртүүнүн көлөмү 1,1 триллион долларга жетти”, — деп белгилеп өттү. Анын айтымында, түрк тилдүү мамлекеттердин биргелешкен экономикалык өсүшү динамикалуу түрдө ылдамдап жатат.

Кубанычбек Омуралиев белгилегендей, түрк тилдүү мамлекеттердин көпчүлүгү Европа Биримдиги менен стратегиялык өнөктөштүк мамилелерге ээ жана алакаларды жандандыруунун учуру келди.

Кубанычбек Омуралиев: “Борбор Азияда биздин уюмдун негиздөөчү өлкөлөрү Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан, Европа Биримдиги менен Азияны, анын ичинде Кытайды туташтырган чыныгы көпүрө болуп саналат. Ошондой эле биздин уюмга мүчө ар бир мамлекет Европа Биримдиги менен стратегиялык эки тараптуу мамилелерге ээ”, — деп билдирди.

Башкы катчынын айтымында, ушул жума жума күнү, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Брюсселге боло турган иш сапары, эки тараптуу алакалардын канчалык бекемделип жатканын далилдейт. Башкы катчы кошумчалагандай, көп тараптуу форматта да эки блоктун ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү зарыл.

Башкы катчынын берген маегинде Европага жаңы соода жолун түзүү, түрк мамлекеттери түзгөн “Орто коридор” азыркы учурда алардын башкы артыкчылыгы болуп саналат. Анткени ал учурдагы жаңжал аймактарын айланып өткөн альтернативдүү байланыш тармагын түзөт.

 “Орто коридор” байыркы Жибек жолу аркылуу өтүп, Европаны жана Азияны, анын ичинде Кытайды стратегиялык жактан бириктирет жана түрк мамлекеттери үчүн аны иштетүүдө логистиканы өнүктүрүүдө артыкчылыктуу багыт болуп саналат.

Кубанычбек Омуралиев: “Бул “Орто коридор” деп аталат, бирок тарыхка артка кылчайып карасак, бул Улуу Жибек жолу. Ал биздин уюмга мүчө жана байкоочу мамлекеттер аркылуу өтөт”, — деп белгилеп өттү.

Анын айтымында, “Орто коридор” Россия менен Украинанын согушуна жана Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдарга чейин эле пландалган, эми болсо ал чындыкка айланып баратат. Мындан тышкары, ал Европа Биримдиги менен Кытайдын ортосундагы байланышты 2000 чакырымга кыскартат жана чыгымды азайтат.

Ошондой эле Омуралиев белгилегендей, түрк мамлекеттери дүйнөдө үчүнчү эң ири энергия запастарына ээ жана кайра жаралуучу энергия булактары боюнча да чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ. Мындай абал Европа үчүн жаңы бизнес кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн ачат.

Түрк тилдүү мамлекеттердин уюмуна (ТМУ) Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстан мүчө болуп саналат. Ал эми Түркмөнстан, Венгрия жана Түндүк Кипр байкоочу макамына ээ.

https://centralasia.media/news:2351194?from=mportal&place=last