04.11.25

Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын январь–сентябрь айларынын аралыгында өлкөгө 50 миллион чет элдик турист келген. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ошол эле мезгилине салыштырмалуу 1,6% пайызга көпттүк кылат. Туризмден түшкөн киреше 50 миллиард долларды түзүп, 2024-жылга салыштырганда 5,7% пайызга өскөн.

Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюмдун (UN Tourism) 2024-жылдагы маалыматы боюнча, Түркия дүйнөдөгү эң көп туристтер барган өлкөлөрдүн ичинен төртүнчү орунду ээлейт. Бул тууралуу, Түркиянын туристтик борбору болгон Стамбул шаарында өткөн маалымат жыйыны учурунда жарыяланды.

Түркиянын Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой билдиргендей, 2025-жылдын алгачкы тогуз айы аймактагы куралдуу жаңжалдар жана климаттык өзгөрүүлөрдүн таасиринен улам кыйын мезгил болгон. Ошого карабастан, өкмөттүн стратегиясынын аркасында туризмден түшкөн киреше 5,7% пайызга өсүп, 50 миллиард долларга жеткен. Министрдин айтымында, өлкө тарыхында биринчи жолу бул көрсөткүч жылдын үчүнчү чейрегинде аткарылган. Ал эми жыл аягына чейин, Түркия 64 миллиард доллар киреше табууну көздөйт.

2025-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча, Түркия үчүн негизги үч туристтик рынок болуп төмөнкүлөр саналат:

  • Россия — 5,53 миллион турист,
  • Германия — 5,22 миллион турист,
  • Улуу Британия — 3,54 миллион турист.

Ошондой эле, Кыргызстандан Түркияга келген туристтердин саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,3% көбөйүп, 151 миң адамга жеткен.

https://www.vb.kg/doc/450845_v_2025_gody_tyrciu_posetili_151_tysiacha_tyristov_iz_kyrgyzstana.html