03.12.25
Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев жана Түркиянын Соода министринин орун басары Сезай Учармак 2-декабрда Анкара шаарында жүктөрдүн чек арадан өтүүсүн тездетүү механизмдерин ишке киргизген документтерге кол коюшту.
Жолугушуу Биргелешкен бажы кеңешинин үчүнчү жыйынынын алкагында болуп өттү. Тараптар өкмөттөр аралык эки протоколго техникалык шарттарды бекитишти: товарлар жана транспорт каражаттары боюнча алдын ала маалымат алмашуу, ошондой эле жөнөкөйлөштүрүлгөн бажы көзөмөлү тууралуу. Кол коюлган макулдашуулар процедуралардын ачык-айкындуулугун жогорулатып, жүктөрдү расмий каттоо убактысын кыскарта турган санариптик инструменттерди киргизүүгө негиз түзөт.
Көрүшмөдө электрондук документтерди өз ара таануу маселеси дагы талкууланды. Кыргыз делегациясы документтерди тастыктоо үчүн Бажы кызматы иштеп чыккан электрондук санарип кол коюууну колдонуну сунуштады.
Түрк тарабы бул демилгени колдоп, мындай документтерди тастыкталган деп кабыл алууга даяр экенин билдирди. Техникалык параметрлерди тактоо үчүн эки ведомствонун адистери 2025-жылдын декабрь айында өзүнчө жолугушуу өткөрүшмөкчү.
Ошондой эле делегациялардын жетекчилери статистика боюнча жаңы регламентти бекитишти. Эми өлкөлөр өз ара соода жүгүртүүсү жөнүндө маалыматтарды жылына эки жолу, 15-январга жана 15-июлга чейин алмашып турушат. Бул товар жүгүртүүсүнүн динамикасын ыкчам байкоого мүмкүнчүлүк берет. Мындан тышкары тараптар 2026-жылга карата кинология тармагындагы биргелешкен иш-чаралар планын макулдашышты. Кеңештин кийинки жыйыны Кыргызстанда өтмөй болду.


