10.12.25
Түрк Мамлекеттери Уюмунун (ТМУ) Энергетика министрлер кеңешинин 5-жыйыны Түркиянын төрагалыгы алдында өткөрүлдү. Жыйында мүчө жана байкоочу өлкөлөрдүн ортосунда энергетика тармагындагы учурдагы кызматташтык жана келечектеги биргелешкен долбоорлор талкууланды.
Азербайжандын Энергетика министри Парвиз Шахбазов Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) Азербайжан үчүн стратегиялык артыкчылык экенин белгилеп, биргелешкен инвестициялардын негизги бөлүгү энергетика секторуна туура келерин айтты. Азербайжан–Түркия энергетикалык өнөктөштүгү аймактык жана Европа энергетикалык коопсуздугунда маанилүү роль ойной турганын белгилеген Шахбазов “Баку–Тбилиси–Жейхан”, TANAP жана Түштүк газ коридору сыяктуу долбоорлор менен катар “Жашыл энергия коридору” түрк мамлекеттеринин электр системаларын бириктирерин билдирди.
Казакстандын Энергетика министринин орун басары Ильяс Бакытжан орто мөөнөттүү кызматташтыкты кайра жаралуучу энергия, көмүр сутек отундары, ядролук энергиянын коопсуздугу, суутек энергиясы жана санариптик трансформация багыттарында өнүктүрүү максатталганын билдирди. Ал бардык тараптарды биргелешкен энергетикалык долбоорлорго катышууга чакырды.
Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев энергетикалык линияларды, интеграцияланган системаларды жана өткөрүү инфраструктурасын өнүктүрүү аркылуу туруктуу энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууга болорун белгилеп, уюмдун алкагында бирдиктүү энергетикалык рынок түзүүнүн маанисине токтолду.
Өзбекстандын Энергетика министри Журабек Мирзамахмудов Азербайжан жана Казакстан менен бирге ишке ашырылып жаткан “Жашыл энергия коридору” долбоору кайра жаралуучу жашыл энергияны Европага экспорттоо үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин айтып, Түркия менен Кыргызстандын процесске кошулушун колдой турганын билдирди. Ал ТМУнун ичинде бирдиктүү энергетикалык рынокту жана жашыл өткөрүү консорциумун түзүүнү сунуштады.
Кыргызстандын Энергетика министри Таалайбек Ибраев энергетикалык кызматташтыктын стратегиялык маанисин белгилеп, энергетикалык коопсуздук жана жаңы технологиялар артыкчылыктуу багыттар экенин айтты. Ал ТМУнун алкагында технологиялар жана жашыл демилгелерге багытталган аймактык борбор түзүү чечими кабыл алынганын эске салды.
Түндүк Кипр Республикасынын Тышкы иштер министри Тахсин Эртугрулоглу ТМУнун алкагындагы энергетикалык кызматташтык түрк дүйнөсүнүн жалпы көз карашын бекемдей турганын белгилеп, Түндүк Кипр Республикасынын энергетика тармагында олуттуу потенциалы бар экенин билдирди.
Венгриянын Тышкы иштер жана тышкы соода министри Петер Сийярто энергетикалык камсыздоону саясий жана идеологиялык ыкмалардан ажыратуу керектигин баса белгиледи. Аймактык кызматташтыктын маанисине токтолгон Сийярто Венгриянын Түркия менен энергетика тармагындагы кызматташтыгына оң баа берди.


