23.12.25
Түркиянын экспорттук товарларынын көргөзмөсү 2026-жылдын 10–12-февралында Түркмөнстндын Ашхабад шаарында өтөт. Бул тууралуу Түркмөнстандын Соода-өнөр жай палатасы билдирди.
Экспозиция продукциянын кеңири түрүн камтыйт. Катышуучулар курулуш технологияларында колдонулган техникалык каражаттарды, эшик-терезелерди, жылытуу жана муздатуу системаларын, жылуулук жана үн изоляциялоочу материалдарды, чатыр жана дубал куруучу каражаттарды фасаддык жабууларды, электр жана жарык берүүчү жабдууларды, метиздерди жана шаймандарды, сантехниканы жана керамиканы сунушташат.
Иш-чаранын алкагында, курулуш каражаттарынан тышкары айыл чарба жана таңгактоо продукциясы, косметика жана химиялык товарлар, тегирмен жабдуулары, азык-түлүк продукциясы жана тамак-аш өнөр жайы үчүн жабдуулар, үй текстили, эмерек, аксессуарлар, мейманкана сектору үчүн жабдуулар да көрсөтүлөт. Бул тууралуу Түркиянын Тышкы экономикалык байланыштар кеңеши маалымдады. Эскерте кетсек, Түркиянын экспорттук товарларынын мурунку көргөзмөсү Ашхабад шаарында 2024-жылдын 4–6-декабрь күндөрү болуп өткөн.


