12.01.25
8-январь күнү Түркмөнстандын Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлдөрү Түркиянын Түркмөнстандагы элчиси Ахмет Демирок менен жолугушуу өткөрүштү. Тараптар миграция тармагындагы Түркмөнстан жана Түркиянын кызматташтыгынын келечеги жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу пикир алышып, мындан аркы кызматташуунун негизги багыттарын жана артыкчылыктарын белгилешти.
Түркмөнстандын Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматына ылайык, жолугушуунун алкагында акыркы жылдары эки тараптуу мамилелер жаңы мазмун менен толукталып, Түркмөнстан менен Түркиянын ортосундагы өнөктөштүк системалуу жана туруктуу негизде өнүгүп жатканы белгиленди.
Жолугушуунун жыйынтыгында миграция тармагындагы кызматташууну мындан ары да чыңдоого ишеним билдирилип, биргелешкен демилгелерди ишке ашырууда өз ара ийгилик каалоолор айтылды.
Түркмөнстандын Мамлекеттик миграция кызматы, Түркмөнстандын миграциялык тутумун жөнгө салуучу, миграция жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу, ошондой эле миграция маселелери боюнча, Түркмөнстандын эл аралык милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылуучу мамлекеттик башкаруу органы болуп саналат.


