24.01.26

22-январь күнү Анкара шаарында, Түркмөнстандын Түркиядагы элчиси Мекан Ишангулыев Анкаранын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Гюрсел Баран менен жолугушуу өткөрдү. Тараптар чакан жана орто бизнес субъекттеринин ортосундагы кызматташтыкты жандандыруунун жолдорун, анын ичинде ишкерлердин көргөзмөлөргө жана форумдарга катышуусун, ошондой эле өз ара пайдалуу инвестицияларды тартуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө, эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери, энергетика, транспорт-логистика, айыл чарба жана курулуш тармактарындагы, ошондой эле тамак-аш өнөр жайындагы өз ара кызматашуу маселелери талкууланды. Мындан тышкары эки өлкөнүн ишкерлеринин уюмдарынын ортосунда туруктуу байланыштарды орнотуу жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга катышуунун келечеги талкууланды. Эскерте кетсек, 2026-жылдын 10–12-февраль күндөрү, Түркмөнстандын Ашхабад шаарында Түркиянын экспорттук товарларынын көргөзмөсү өткөрүлөт.

https://business.com.tm/post/14985/turkmenistan-turkiye-seek-to-expand-cooperation-in-small-medium-businesses