12.02.26
“Азербайжан темир жолдору” компаниясынын (ADY) төрагасы Ровшан Рустамов “Түркмөнбашы” эл аралык деңиз портунда болуп, анын учурдагы инфраструктурасы, техникалык мүмкүнчүлүктөрү жана транзиттик потенциалы менен таанышты. Бул тууралуу шаршемби күнү Азербайжандын Түркмөнстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
“Түркмөнбашы” эл аралык деңиз портунун директору Парахат Джумаев менен болгон жолугушууда аймактык жүк ташууларды өнүктүрүү, “Баку” жана “Түркмөнбашы” портторунун синхрондуу иштеши, ошондой эле деңиз түбүн тереңдетүү иштерин жүргүзүү маселелери талкууланды.
Каспий жана Кара деңиздеринин ортосундагы байланыштарды чыңдоо жүк ташуулардын көлөмүн көбөйтүп, Ортоңку коридордун натыйжалуулугун жогорулатары белгиленди. Ыкчам жана коопсуз жүк ташууларды камсыз кылуу үчүн Евразиялык транспорттук маршруттун алкагында порттордун координациясынын маанилүүлүгү баса белгиленди.
“Түркмөнбашы” эл аралык деңиз порту Каспийдеги порттордун ичинен эң ири жана заманбап порт болуп саналат. Порттун жалпы аянты 150 гектардан ашат. Жалпы өткөрүү жөндөмдүүлүгү жылына 17 миллион тонна жүккө чейин жетет, анын ичинде 300 миң жүргүнчү, 75 миң жүк ташуучу унаа, 400 миң TEU контейнер жана 7 миллион тонна жүктү түзөт. Порттун курамына паром-жүргүнчү терминалы, контейнер терминалы, жалпы жүк терминалы жана полипропилен терминалы бар.


