22.02.2026

Түркмөнстандын Улуттук лидери, Халк маслахатынын (парламент) төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов 22-февраль күнү Транскаспий газ түтүгү континенттеги энергетикалык коопсуздукту чыңдоодо жана энергетикалык агымдарды диверсификациялоодо негизги багыттардын бири экенин билдирди. Бул тууралуу ал Америкага болгон сапарынын алкагында “Аль-Арабия” телеканалына берген маегинде билдирди.

Бердымухамедовдун айтымында, Түркмөнстан аталган долбоорго ырааттуу жана конструктивдүү мамиле жасап келет. Ошол эле учурда ал Каспий деңизинин түбүн делимитациялоо сыяктуу эл аралык укуктук маселелерди жөнгө салуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Бул багытта Түркмөнстан-Азербайжан жумушчу тобу түзүлүп, анын ишинен практикалык жыйынтыктар күтүлүүдө.

Маекте өлкөнүн энергетикалык стратегиясына да өзгөчө көңүл бурулган. Табигый газдын чалгындалган запастары боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда турган Түркмөнстан, экспорттук жеткирүүлөрдү диверсификациялоо саясатын жүргүзүп, өндүрүүчү, транзиттик жана керектөөчү мамлекеттердин кызыкчылыктарын эске алып келет.

Учурда Түркмөнстан ири эл аралык долбоор “Түркмөнстан–Афганистан–Пакистан–Индия” (ТАПИ) газ түтүгүн ишке ашырууда. Афганистандын аймагында “Arkadagyň ak ýoly” деп аталган долбоордун биринчи этабынын курулушу уланууда. Долбоор эл аралык колдоого ээ болуп, Түштүк Азия өлкөлөрүнүн энергетикалык муктаждыктарын камсыздоодо жана жаңы рынокторго чыгууда маанилүү фактор катары бааланууда.

Бердымухамедов мурда Түркмөнстан газынын негизги көлөмү Россияга жылына 40 млрд кубометрге чейин жеткирилгенин эске салды. Азыркы учурда эң ири керектөөчү Кытай мамлекети болуп саналат. Ошондой эле диверсификация саясатынын алкагында “своп” схемасы аркылуу Иранга, Азербайжанга, Казакстанга, Өзбекстанга жана башка өлкөлөргө газды экспорттоо иштери  жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, Транскаспий газ түтүгү Түркмөнстандан Азербайжанга Каспий деңизинин түбү аркылуу газ ташууну көздөгөн эл аралык инфраструктуралык долбоор. Ал Түштүк газ коридорунун системаларына туташып, Европанын рынокторуна чыгууга багытталган.

https://business.com.tm/ru/post/15145/gurbanguly-berdimuhamedov-transcaspian-gas-pipeline-key-to-regional-energy-security