18.03.2026

2025-жылдын жыйынтыгы менен Түркмөнстандын экономикасына тартылган инвестициялардын көлөмү 12,8 млрд доллардан ашып, 2024-жылга салыштырмалуу 6,0% пайызга өскөн. Бул тууралуу, Түркмөнстандын Финансы жана экономика министринин орун басары Перхат Ягшиев шаршемби күнү Ашхабад шаарында өткөн “Түркмөнстандын келечегине инвестициялар” аттуу эл аралык форумда билдирди.

Анын айтымында, жалпы инвестициялардан тышкары чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмүнүн өсүүсү уланууда. Негизги артыкчылыктуу тармактар болуп мунай-газ тармагы, мунай-газ химиясы, энергетика, курулуш жана агроөнөр жай комплекси эсептелет.

2025-жылдын жыйынтыгы менен инфляция 3,2% пайызды түзгөн. Тышкы соода жүгүртүүсү 21,8 млрд долларга жетип, өткөн жылга салыштырмалуу 10,3% пайызга өскөн. Импорттун 1,4 эсеге өсүшү өндүрүштүк-техникалык багыттагы продукцияларды сатып алуунун көбөйүшү менен байланыштуу. Жалпы ички продукт 77,4 млрд доллардан ашып, экономикалык өсүш темпи 6,3% пайызды түздү.

Перхат Ягшиев белгилегендей, Түркмөнстан Дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) кошулуу процессин улантууда. Тышкы соода режими боюнча Меморандумдун долбоору даярдалып, уюмдун нормаларын жана эрежелерин этап-этабы менен киргизүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул иштер Дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) катчылыгы жана эл аралык институттар менен кызматташтыкта, экономиканын артыкчылыктуу тармактарында тарифтик саясаттын оптималдуу шарттарын аныктоо максатында жүзөгө ашырылууда.

https://business.com.tm/ru/post/15286/2025-investicii-v-ekonomiku-turkmenistana-prevysili-128-mlrd