23.03.26
2026-жылдын январь–февраль айларында “Баку–Тбилиси–Жейхан” (БТЖ) мунай кууру аркылуу Түркмөнстан жана Казакстандан ташылган мунайдын транзитинин жалпы көлөмү 686,4 миң тоннаны түздү.
“Report.az” маалымат агенттиги Азербайжандын Мамлекеттик статистика комитетине шилтеме берүү менен билдиргендей, бул көрсөткүч аталган мунай кууру аркылуу жалпы ташылган көлөмдүн 16,9%пайызын түзөт.
Жалпысынан 2026-жылдын январь–февраль айларында “Баку–Тбилиси–Жейхан” мунай кууру аркылуу 4 миллион 055,1 миң тонна мунай өткөрүлгөн.
Эскерте кетсек “Баку–Тбилиси–Жейхан” (БТЖ) мунай куурунун узундугу 1,768 чакырым узундукту түзөт. Ал аркылуу чийки иштетилбеген мунай, Каспий деңизинен Жер Ортолук деңизине ташылат. Аталган мунай кууру Азербайжандын Баку шаарынан башталып, Грузия аркылуу өтүп, Түркиянын Жер Ортолук деңиз жээгиндеги Жейхан портунда аяктайт.


