25.03.2026

Түркмөнстан жана Азербайжан “жашыл” энергетиканы өнүктүрүүгө кызыгуу билдирип, бул багытта өз ара аракеттенүүгө даяр. Бул тууралуу Түркмөнстандын Азербайжандагы элчиси Гурбанмаммет Эльясов “Report” агенттигине берген маегинде билдирди.

Дипломаттын айтымында, эки өлкө кайра жаралуучу энергия булактарын пайдаланууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп жатышат. Талкууланып жаткан багыттардын бири, Түркмөнстандын Каспий деңизи аркылуу “жашыл” энергетикалык коридорлорду түзүүгө катышуу планы дагы бар.

Мындай кадамдар кайра жаралуучу жашыл булактардан өндүрүлгөн электр энергиясын, Түштүк Кавказ аркылуу Европага жеткирүү үчүн инфраструктура түзүүнү талап кылат. Бул контекстте Азербайжан “жашыл” энергияны экспорттоодо транзиттик мамлекет катары каралууда.

Гурбанмаммет Эльясов белгилегендей, күн жана шамал энергетикасы багытындагы долбоорлорду өнүктүрүү келечектүү багыт болуп саналат. Түркмөнстан күн энергиясын өндүрүүдө чоң потенциалга ээ болсо, Азербайжан шамалдан жашыл энергия өндүрүүдө чоң мүмкунчүлүгү бар. Ошондой эле учурда, Азербайжан Каспий деңизинин акваториясында шамалдан энергия алууну активдүү өнүктүрүп жатат.

Ошондой эле “жашыл” электр энергиясын өткөрүү жана экспорттоо үчүн биргелешкен инфраструктураны өнүктүрүү маанилүү багыт болуп эсептелет. Гурбанмаммет Эльясов: “Каспий деңизи аркылуу суу астындагы кабелдик линияларды курууну, энергетикалык системаларды интеграциялоону жана электр энергиясын, Европага экспорттоо боюнча аймактык долбоорлорго катышууну камтышы мүмкүн”, — деп белгилеп өттү.

Гурбанмаммет Эльясов ошондой эле кызматташтык үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөр “жашыл” суутекти өндүрүү жана ташуу, энергияны үнөмдөөчү технологияларды киргизүү, кайра жаралуучу жашыл энергетиканы өнүктүрүүдө тажрыйба алмашуу жана инвестиция тартуу багыттарында ачылып жатканын кошумчалады.

https://business.com.tm/ru/post/15322/turkmenistan-i-azerbaidzhan-zainteresovany-v-sotrudnichestve-v-zelenoi-energetike