13.05.26

Шейшемби күнү Баку эл аралык деңиз соода портунда, Түркмөнстанда жасалган алгачкы “Gadamly” аттуу жүк ташуучу кемесин тосуп алуу боюнча салтанаттуу азем болуп өттү. Жүк көтөрүмдүүлүгү 6,100 тоннаны түзгөн жүк ташуучу кеме 240 даана жыйырма футтук контейнерди ташууга ылайыкталган. Бул тууралуу Түркмөнстандын расмий маалымат каражаттары билдиришти.

Кеме Түркмөнбашы порту менен Баки эл аралык деңиз соода портунун ортосунда үзгүлтүксүз каттамдарды аткарып, Каспий деңизиндеги жүк агымдарын ылдамдатууга жана логистикалык чынжырлардын натыйжалуулугун жогорулатууга көмөк көрсөтөт. Жүк ташуучу кемени алгачкы сапарына узатуу аземине 8-майда Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов катышкан болчу.

Бакуда кемени тосуп алуу аземинин жүрүшүндө, расмий жана дипломатия кызматынын өкүлдөрү жаңы кеменин пайдаланууга берилиши Орто коридордун жана Евразия транспорттук багытынын өнүгүшүнө кошумча түрткү болорун белгилешти.

Өзүнүн жүк ташуучу кемесин куруу жана пайдаланууга берүү, Түркмөнстандын транспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана Чыгыш менен Батышты байланыштырган эл аралык коридорлорду өнүктүрүү багытында жасалган саясатынын маанилүү бөлүгү болуп саналат.

https://business.com.tm/ru/multimedia/15597/turkmen-dry-cargo-vessel-gadamly-arrives-at-baku-port