12.06.26

Түркиянын Денизли шаарында өткөн “Түркмөнстан-Түркия” бизнес форумуна, Түркиянын 100 ашуун компанияларынын жетекчилери жана жеке сектордун өкүлдөрү катышып, анда Түркмөнстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды. Бул тууралуу бейшемби күнү Түркмөнстандын расмий маалымат каражаттары кабарлады.

Форум 11-июнда Түркмөнстандын Түркиядагы элчилиги тарабынан Денизли Соода-өнөр жай палаталары жана товардык биржалар бирлигинин имаратында уюштурулган. Иш-чара түрк бизнес коомчулугун Түркмөнстандын экономикасына инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштыруу максатын көздөдү.

Форумдун жүрүшүндө, Түркмөнстан эл аралык соода-экономикалык өнөктөштүктү өз ара урматтоо, тең укуктуулук жана ишеним принциптеринин негизинде өнүктүрүү саясатын жүргүзүп жатканы белгиленди. Ошондой эле катышуучуларга жеке секторду колдоо, чет элдик инвестицияларды тартуу жана бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди.

Тараптар түрк инвестицияларын мунай-газ химиясы тармагына, агроөнөр жай комплексине, транспорттук-логистикалык секторго, ошондой эле телекоммуникация жана маалыматтык технологиялар чөйрөсүнө тартуу келечегин талкуулашты. Иш-чаранын алкагында, Түркмөнстандын инвестициялык потенциалы тууралуу видеоролик көрсөтүлдү. Мындан тышкары, өлкөнүн экономиканын ар түрдүү тармактарына экологиялык жактан таза жана жашыл технологияларды киргизүүгө берилгендигине өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары Түркмөнстандын Түркиядагы элчиси Мекан Ишангулыев Явуз Селим Кёшгер, Бүлент Нури Чавушоглу жана Махмут Гюнгёр менен жолугушууларды өткөрдү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө билим берүү, маданият, гуманитардык илимдер, соода жана инвестициялар тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле эки мамлекеттин  байланыштарын чыңдоо маселелери талкууланды.

https://business.com.tm/ru/post/15772/turkmenistan-presents-investment-opportunities-to-turkish-businesses-in-denizli