10.02.24
Борбордук Азияда жаратылыш газын эң көп экспортоочусу болуп эсептелген Түркмөнстан, 2023-жылы өндүрүшүн 6,9%, пайызга, экспортун 12,6% пайызга көбөйткөн.
“Нейтральный Түркмөнстан” гезити тараткан кабарда, 2023-жылы өлкө газын негизинен Кытай, Россия, Азербайжан жана Өзбекстанга сатып, жалпысынан 80,6 миллиард кубометр газ өндүргөн.
Мындай маалымат өкмөт жыйынында жарыяланып, анда президент Сердар Бердымухамедов супергигант “Галкыныш” газ-мунай кенин өздөштүрүү өлкөнүн өнөр жайынын өнүгүшүндө маанилүүлүгүн жана Каспий деңизинин улуттук секторун чалгындоого жана иштетүүгө чет элдик компаниялардын катышуусуна токтолуп өттү.
Мамлекет башчы ошондой эле “Түркмөнстан-Афганистан-Пакистан-Индия” (TAPI) газ куурунун курулушу көңүл борборунда болуусун тапшырды.