06.09.24
“Түндүк-Түштүк” эл аралык транспорт коридору долбоору тышкы сооданын көлөмүн көбөйтүүгө, экспортту диверсификациялоого жана ага катышкан өлкөлөрдүн, анын ичинде Түркмөнстандын экономикасын өнүктүрүүгө чоң салым кошту. Бул тууралуу “CentralAsia.news” маалымат кызматынын кабарчысы билдирди.
Түркмөнстан эч бир өлкөнүн экономикасына терс таасирин тийгизбеген тең укуктуу, өз ара пайдалуу кызматташтыкты жактайт. Ушуга байланыштуу “Түндүк-Түштүк” эл аралык транспорттук коридорунун заманбап талаптарга ылайык түзүлүшү, Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн жаңы экономикалык перспективаларды ачат. Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) эксперттеринин баамында, эгер аталган коридор толук кубаттуулукта жүк агымын тейлесе, бул жааттагы чыгымдар бир топ кыскарат.
“Түндүк-Түштүк” коридору, Каспий чөлкөмүндөгү өлкөлөр үчүн өзгөчө кызыгууну жаратат. Узундугу 7,200 чакырымды түзгөн трансулуттук долбоорду түзүү келишимине Росссия, Иран жана Индия 2000-жылы кол коюшкан. Андан соң катышуучулардын тизмесине Азербайжан, Афганистан, Казакстан, Оман, Пакистан, Түркмөнстан жана Түркия кошулган. Долбоорлорду ишке ашырууну тездетүү жана бул үчүн кошумча каражаттардын бөлүнүшү трансулуттук каттамдардын маанилүүлүгүн көрсөтүп турат.
Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) эсептөөлөрү боюнча 2030-жылга чейин, Борбор Азия аркылуу өтүүчү негизги транзиттик коридорлор боюнча жүк ташуулардын көлөмү 1,5 эсеге, ал эми контейнердик ташуу үчтөн экиге көбөйгөн. Товар жүгүртүүнүн өсүшү Россия менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн Индия менен болгон соода алакаларына олуттуу таасирин тийгизет. Эксперттер учурда Борбор Азия аймагындагы сооданын көлөмү анын потенциалынан үч эсе төмөн деп эсептешет.
https://centralasia.news/30165-turkmenistan-nameren-stat-kljuchevym-zvenom-mtk-sever-jug.html