13.09.24
“Түркмөнгаз” мамлекеттик концерни жана Казакстандын Энергетика министрлиги газ тармагындагы кызматташтыкты бекемдөө боюнча меморандумга кол коюшту.
Бул документке 10-11-сентябрь күндөрү, Ашхабадда өткөн “TIF-2024” инвестициялык форумунун алкагында, Түркмөнстандын мамлекеттик министри “Түркмөнгаз” мамлекеттик концернинин төрагасы Максат Бабаев жана Казакстандын Энергетика министри Алмасадам Саткалиевдин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында кол коюлду.
Көрүшмөнүн жүрүшүндө, тараптар эки өлкөнүн газ тармагындагы кызматташтыгын жана биргелешкен долбоорлорго катышуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулап, чоогуу жасаган аракеттер менен эки тарапка тең пайдалуу кызматташтык жана стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы деңгээлине чыгара аларына ишеним билдиришти.
https://business.com.tm/ru/post/12381/turkmenistan-kazakhstan-ink-gas-cooperation-memorandum