23.10.24
Түркмөнстан жана Түркия Түркиянын Эл аралык автотранспортчулар ассоциациясы (UND) жана Түркмөнстандын транспорт жана логистикалык борборунун (TULM) ортосунда жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн алкагында, айдоочулар үчүн виза төлөмдөрүн азайтуу маселесин талкуулашты.
Аталган көрүшмө 15-18-октябрь күндөрү Түркияда болуп өткөн, Эл аралык жол федерациясынын (IRF) дүйнөлүк конгрессинин алкагында өткөрүлдү.
Түркмөнстандын Транспорт жана коммуникациялар агенттигинин башкы директору Мамметхан Чакыев жана Түркиянын Эл аралык автотранспортчулар ассоциациясынын (UND) делегациясынын катышуусунда талкууланды. Көрүшмө учурунда, Түркмөнстандын Кытайды Европа менен байланыштырган “Ортоңку коридор” боюнча эл аралык жүк ташууларга активдүү катышуу маселелери да талкууланды.
Мамметхан Чакыев белгилегендей, 2025-жылга чейин, Түркмөнстандын деңиз флотуна эки жаңы “Ro-Pax” маркасындагы кемеси кошулуп, бул Каспий деңизи аркылуу товар ташуу мүмкүнчүлүктөрүн бекемдейт.
Мындан тышкары, консультациялардын жүрүшүндө бажы тармагында жоболорду иштеп чыгуу, “Түркмөнбашы” порту менен жеринде таанышуу жана 2024-жылы Түрк мамлекеттери уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн ортосунда жүрүү үчүн электрондук документтерин ишке киргизүү боюнча биргелешкен иш чараларды аткаруу боюнча макулдашууларга жетишилди.