21.11.24

Түркмөнстандын Түркмөнабат шаарында эки өлкөнүн өкүлдөрүн эки тараптуу экономикалык жана маданий байланышты кеңейтүү үчүн бириктирген “II Түркмөнстан-Өзбекстан” аймактык форумунун ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чаранын алкагында, өзбек товарларынын улуттук көргөзмөсү жана ар кайсы тармактардагы өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган тематикалык конференциялар уюштурулду.

Форумдун негизги багыттары болуп соода-экономикалык кызматташтык, маданий алмашуу жана гуманитардык өз ара аракеттенүү белгиленди. Көргөзмөдө экономиканын түрдүү секторлорунда тоо-кен жана металлургия тармагынан баштап, турмуш-тиричилик техникасы жана азык-түлүк өндүрүшүнө чейинки компанияларынын павильондору көрсөтүлдү.

Ишкердик программасынын алкагында катышуучулар айыл чарба, энергетика, химия өнөр жайы, машина куруу жана фармацевтика сыяктуу кызматташтыктын келечектүү багыттарын талкуулашты. Өз ара кызыгууну туудурган темалардын бири, биргелешкен ишканаларды түзүү жана инновациялык технологиялык чечимдерди алмашуу болду.

Форумдун маданий бөлүгүндө, Түркмөнстан жана Өзбекстандын искусство чеберлеринин биргелешкен концерти, Лебап облусунун Мамлекеттик музыкалык-драмалык театрында өткөрүлүп, эки элдин терең руханий жана маданий байланышы белгиленди.

Бул форум, Түркмөнстан менен Өзбекстандын мамлекеттер аралык мамилелерди чыңдоого жана өз ара пайдалуу кызматташтыктын жаңы формаларын издөөдө болгон ниетин айкын көрсөттү. “II Түркмөнстан-Өзбекстан” аймактык форуму жана өзбек товарларынын улуттук көргөзмөсү өз ишин улантууда.

https://turkmenportal.com/blog/84990/turkmenistan-i-uzbekistan-ukreplyayut-mezhregionalnoe-sotrudnichestvo-na-masshtabnom-forume