23.11.24
5-6-декабрь күндөрү Ашхабад шаарында өтө турган, Түркиянын экспорттук товарларынын ири соода көргөзмөсүнө 70 ашуун түркиялык компаниялар катышат. Бул тууралуу, жума күнү өткөн Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында, Соода жана текстиль тармагы боюнча вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Нокергулы Атагулыев билдирди.
Көргөзмөдө өнөр жай жабдуулары курулуш материалдарынан баштап фармацевтикалык продукциялары жана текстильге чейин кеңири ассортименттеги товарлар көрсөтүлөт. Өзгөчө көңүл логистика жана тейлөө тармагында иштеген компанияларга бурулат. Бул тууралуу, Түркмөнстандын расмий маалымат каражаттары кабарлады.
Көргөзмө менен катар “Түркмөнстан-Түркия” ишкердик кеңешинин кезектеги жыйыны да өтөт. Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов эки өлкөнүн мамилелеринин маанилүүлүгүн баса белгилеп, көргөзмөнү жогорку деңгээлде уюштуруу тапшырмаларын берди. Өкмөт жыйынында мамлекеттик саясатка тиешелүү бир катар маселелер да каралды.