25.11.24
Стамбулда 23-ноябрь күнү болуп өткө Энергетика форумунун алкагында, “Türkmengaz” мамлекеттик концернинин төрагасы, Түркиянын Энергетика министри Алпарслан Байрактар менен жолугушту. Жолугушууда Түркиянын мамлекеттик “BOTAS” жана “TPAO” компанияларынын Түркмөнстандын мунай-газ кендериндеги биргелешкен долбоорлорго катышуу мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Түркиянын расмий маалымат каражаттары билдиргендей, сүйлөшүүлөрдө мунай-газ тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери да талкууланды.
Жолугушуунун катышуучулары, Түркмөнстан газын Түркиянын аймагы аркылуу, Европага жеткирүү боюнча альтернативдүү маршруттарга өзгөчө көңүл бурушту.
Сүйлөшүүлөр форумдун “Ортоқ келечек, бирдиктүү максаттар” деген ураанынын алкагында өтүп, эки өлкө ортосунда өнүгүп жаткан энергетикалык өнөктөштүктүн стратегиялык мүнөзгө ээ экендиги белгиледи.
Буга чейин, шейшемби күнү Стамбулда Түркиянын Энергетика жана жаратылыш ресурстары министрлиги менен Азербайжандын Экономика министрлиги, Түркмөнстандын табигый газын Азербайжан жана Грузия аркылуу Түркияга жеткирүү боюнча келишимге кол коюшкан.