04.12.24
“Түрк инвестициялык фонду” Транс-Каспий эл аралык транспорттук маршрутун (Ортоңку коридор) өнүктүрүүнү көздөйт. Бул тууралуу фонддун президенти Багдат Амреев 27-ноябрда Ашхабад шаарында БУУнун Туруктуу транспорт боюнча министрлер деңгээлиндеги жолугушуусу учурунда билдирди.
Иш-чара Түркмөнстан жана Кытайдын теңтөрагалыгы алдында уюштурулган. Фонддун маалымат кызматы: “Жолугушууда БУУнун туруктуу транспорт боюнча максаттарына жетүү үчүн биргелешкен аракеттердин жана стратегиялык өнөктөштүктөрдүн маанилүүлүгү, ошондой эле транспорттук байланыштарды жакшыртуу, туруктуу транспорттук чечимдерди өнүктүрүү жана инновациялык жашыл технологияларды киргизүү аркылуу жолдордогу коопсуздукту жогорулатуу зарылдыгы баса белгиленди”, – деп айтылат маалыматта.
Багдат Амреев өз сөзүндө, транспорт жана бажы кызматташтыгы Түрк мамлекеттери кызматташтыгынын күн тартибинде ар дайым жогорку орунда турарын белгиледи.
Ал жакында Бишкекте Түрк тилдүү мамлекеттердин уюмунун (ТМУ) башчыларынын саммити транспорт жана транзит жаатындагы учурдагы чакырыктарды чечүү жана кызматташууну бекемдөө зарылдыгын белгиленгендигин эске салды.
Фонддун президенти, түрк тилдүү мамлекеттердин соода жана инвестицияларын чыңдоо, экономикалык өсүштү стимулдаштыруу жана инновациялык долбоорлорду алдыга жылдыруу үчүн түзүлгөн биринчи биргелешкен каржылык институт катары, транспорт секторуна өзгөчө көңүл буруп жатканын жана логистика менен инфраструктураны, анын ичинде “Ортоңку коридорду” өнүктүрүүнү колдоого артыкчылык бериле турганын айтты.
Ал ошондой эле фонд транспорт тармагындагы башка демилгелерди, мисалы, Ro-Ro жана Ro-Pax сыяктуу паром ташуулардын түрлөрүн өнүктүрүү, жүк ташуучу мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, ошондой эле транспорт тармагын санариптештирүү боюнча колдоо көрсөтө аларын кошумчалады.
Эскерте кетсек “Түрк инвестициялык фонду” түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрүнүн экономикалык интеграциясынын биринчи биргелешкен каржылык институту. Анын баштапкы капиталы 500 миллион долларды түзөт.
https://bm.ge/ru/news/tiurkskii-investfond-budet-finansirovat-razvitie-srednego-koridora