04.12.24

Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нокергулы Атагулыев Ашхабадда өтүп жаткан, Түркиянын экспорттук продукцияларынын 11-көргөзмөсүнүн алкагында, Түркиянын Соода министри Өмер Болат менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда, Түркиянын компаниялары тарабынан подряддык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери каралды. Бул тууралуу, Өмер Болат өзүнүн социалдык тармактарындагы билдирүүсүндө маалымдады.

Тараптар эки тараптуу соода көлөмүн 5 миллиард долларга жеткирүү максатына карай жасала турган кадамдарды, Инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашууну жаңылоо процессин талкуулашты. Өзгөчө көңүл мындан ары кызматташтыкты бекемдөө жана кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүнө бурулду.

Түркиянын Соода министри азыркы көргөзмө көптөгөн түрк экспорттоочу компанияларын чогултуп, Түркиянын Түркмөнстан менен экономикалык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө чечкиндүүлүгүн баса белгилегенин айтты. Түркмөнстан  достук жана бир туугандык мамиледеги өлкө катары каралат.

Түркиянын экспорттук товарлар көргөзмөсү шаршемби күнү Ашхабаддагы Түркмөнстандын Соода-өнөр жай палатасынын Экспо борборунда ачылды. Көргөзмөнүн алкагында, “Түркия-Түркмөнстан” Бизнес кеңешинин жыйыны да өтөт. Бул иш-чара Түркиянын Тышкы экономикалык байланыштар боюнча кеңеши (DEİK) жана Түркмөнстандын Соода-өнөр жай палатасынын биргелешкен уюштуруусу аркылуу ишке ашууда.

https://business.com.tm/ru/post/12774/turkmenistan-and-turkiye-discussed-implementation-of-contract-projects